Дипломдук иш башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун жаны технологиялары



жүктеу 499.5 Kb.
бет1/3
Дата14.07.2018
өлшемі499.5 Kb.
түріДиплом
  1   2   3


И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ
ПЕДАГОГИКА ЖАНА ПСИХОЛОГИЯ ИНСТИТУТУ
КЫРГЫЗ ЖАНА ОРУС ТИЛДЕРИН ОКУТУУНУН ТЕХНОЛОГИЯСЫ КАФЕДРАСЫ

ДИПЛОМДУК ИШ



БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДА

КЫРГЫЗ ТИЛИН ОКУТУУНУН ЖАНЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ

Илимий жетекчи: ага окутуучу АКУНОВА А.Р.

Оппонент: п.и.к. ЧОКОШЕВА Б.

Аткарган: ЗПК-61 группанын студенти

КАДЫРОВА МАХАБАТ

БИШКЕК 2007

МАЗМУНУ
КИРИШҮҮ………………………………………………………………….. 3-5
БИРИНЧИ БӨЛҮМ

КЫРГЫЗ ТИЛИН ОКУТУУДА КОЛДОНУЛУУЧУ

САЛТТУУ ЖАНА ЖАНЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР

1.1. Окутуунун жалпы методдору……………………………..… 6-12

1.2. Окутуунун жаңы технологиялары…………...……………..13-18
1-бөлүм боюнча жыйынтык………………………………………………....18

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДА КЫРГЫЗ ТИЛИН ОКУТУУДА

ЖАНЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ:

2.1. Педагогикалык инновациялар…………………….……… 19-25

2.2. Педагогикалык инновацияларды колдонуу менен

сабактарды уюштуруу………………………………………. 26 -46
2-бөлүм боюнча жыйынтык……………………………………………... 47-48
ЖАЛПЫ КОРУТУНДУ……………………………………………………. 49-50

ПАЙДАЛАНЫЛГАН АДАБИЯТТАР……………………………………. 51-55

КИРИШҮҮ
Теманын актуалдуулугу. Азыркы учурда дүйнөлүк педагогика, предметтерди окутуу методикасы, тактап айтканда жалпы эле адамзат башка илим, технологияларга кызыгуусун жаратып жаткан учуру. Мындай интенсивдүүлүктүн бирден - бир себеби технологиялардын өсүшү менен гана байланыштуу эмес, илимдердин интеграцияланышы, инсандын өзүн-өзү таанып билүүгө жакындашуусу менен да түшүндүрүлөт.

Дүйнөлүк процесстеги мына ушул жандуу кыймылда ошол планетардык агымдан окчун калбоого аракет кылган элибиздин улуттук илимпоздору да ар кимиси өз көрөңгөсүнө жараша кыргыз илимин жаратууга аракет кылып жатат. Бирок канткен менен улуттук илим бир чети чыныгы улуттук жүзүн көрсөтө албай жатса, экинчи жагы дүйнөлүк илим-технологияларды кыргыз кыртышына бекем алып келе албай жатат. Албетте, мунун ар кандай себептери бар. Азыр эми индустриалдык деген коом арт жакта калып, адамзат постиндустриалык- информациялык коомго баш багып отурат. Мына ушул прогресттен бир артта калсаң, анда бүттү, адамзат прогрессинен түбөлүк оолак каласың. Андыктан дал ошол кыймылдан калып калбоо үчүн жанталашып аракет кылуу биздей аз калктуу улут үчүн зарылдын - зарылы болуп эсептелет.

Ал эми кыргыз тилин окутууда, анын ичинен башталгыч мектептерде мындай өзгөрүүлөргө, жаңыланууларга болгон муктаждык жана аларды өздөштүрүүгө, үйрөнүүгө болгон далалат республиканын бардык мектептеринде байкалат. Бирок ошого жараша жетишээрлик методикалык көрсөтмөлөрдүн аздыгы (газета-журналдык материалдар), адабияттардын жетишсиздиги, квалификацияны жогорулатуу боюнча мугалимдер үчүн уюштурулуучу иш чаралардын көлөмү бул мезгилдин талабын толук кандуу аткарууга мүмкүндүк бербей жаткансыйт. Ошондуктан башталгыч класстар үчүн республикабызда ишке ашып жаткан жаңы программалар, технологиялар боюнча атайын кыргыз тилин окутууга карата эмгектердин (теориялык, методикалык, илимий ж.б) жаралышы учурдагы актуалдуу маселелердин бири болуп саналат.

Дипломдук иштин темасы: «Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун жаңы технологиялары».

Иштин максаты: «Кадамдан – кадамга» программасы, «Глобалдык билим берүү баракчасы», сынчыл ойлом, мээге чабуул ыкмаларын камтыган интерактивдүү методор менен башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун үлгүлөрүн иштеп чыгуу.

Милдеттери:

- бул багытта жарык көргөн илимий, теориялык, методикалык, практикалык эмгектер менен таанышуу;

- башталгыч мектептин ар бир классы үчүн мындай сабактардын үлгүлөрүн иштеп чыгуу;

- сабакта колдонуу үчүн көрсөтмө куралдарды, кошумча каражаттарды түзүү ж.б.



Изилдөөнүн объектиси: Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуу процесси.

Изилдөөнүн предмети: Башталгыч мектептеги кыргыз тили сабагы.

Изилдөөнүн практикалык баалуулугу: Изилдөөдөгү жаңы технологиялар боюнча азын – оолак теориялык, методикалык, практикалык максаттагы материалдар башталгыч класстардын мугалимдери, келечектеги педагогдор үчүн да пайдасы тиет деген ойдобуз.

Дипломдук иштин мазмуну:

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

КЫРГЫЗ ТИЛИН ОКУТУУДА КОЛДОНУЛУУЧУ

САЛТТУУ ЖАНА ЖАНЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР:

1.1. Окутуунун жалпы методдору.

1.2. Окутуунун жаңы технологиялары.

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДА КЫРГЫЗ ТИЛИН ОКУТУУДА

ЖАНЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ:

2.1. Педагогикалык инновациялар.

2.2. Педагогикалык инновацияларды колдонуу менен

сабактарды уюштуруу.


Дипломдук иштин көлөмү: Иш киришүүдөн, негизги 2 бөлүмдөн, ар бир бөлүм боюнча жыйынтыктан, жалпы корутунду, пайдаланылган адабияттардын тизмесинен турат. Жалпы көлөмү 55 бетти түзөт.

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

КЫРГЫЗ ТИЛИН ОКУТУУДА КОЛДОНУЛУУЧУ

САЛТТУУ ЖАНА ЖАНЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР

1.1. Окутуунун жалпы методдору.
Азыркы мезгилде коомдогу тарбия жана билим берүү иши атайын түзүлгөн педагогикалык системалар аркылуу иш жүзүнө ашырылат. Бул системалар педагогика илиминин негизи жана өтө татаал изилдөө объектиси болуп саналат. Ал эми системанын элементтеринин бири-бири менен болгон туруктуу байланыштары алардын структурасын түзөт. Ишмердүүлүгү белгилүү бир максатка баш ийдирилген аракетке келип жаткан структурадан анын системасы келип чыгат. Ишмердүүлүктүн тигил же бул түрүн биргелешип аткарууга катышкан жана алардын максаттарын иш жүзүнө ашырышкан адамдар да ошол системаны түзүшөт. Коомдогу мындай билим максатын иш жүзүнө ашыра турган система болуп билим берүү системасы эсептелет. Кыргызстанда билим берүү системасы бири-бири менен байланыштуу болгон:



  • мамлекеттик билим берүү стандарты;

  • билим берүү мекемелери;

  • башкаруу бөлүмдөрү деген бөлүктөрдөн турат.

Мамлекеттик билим берүү стандарты ар бир билим берүү мекемесинин окуу программасынын мазмунун аныктайт. Мамлекеттик стандарт жалпы жана кесиптик билим берүү болуп экиге бөлүнөт.


Жалпы билим берүү программасы:

  • мектепке чейинки билим берүү;

  • башталгыч билим берүү ( 1-4-класс);

  • негизги билим берүү ( 5-9 класс);

  • орто (толук) билим берүү (10-11-класс) болуп бөлүнөт.

Ал эми кесиптик билим берүү программасы:



  • баштапкы кесиптик билим берүү;

  • ортоңку кесиптик билим берүү;

  • жогорку кесиптик билим берүү;

  • кесиптик билим берүү болуп бөлүнөт.

Билим берүү мекемелерине:



  • мектепке чейинки (бала-бакчалар);

  • жалпы билим берүү (башталгыч, негизги жана орто окуу жайлары);

  • кесиптик билим берүү (башталгыч, орто, жогорку, жогорудан кийинки);

  • кошумча билим берүү (балдарга, чоңдорго факультатив курстар, семинарлар ж.б.);

  • коррекциялык атайын билим берүү (өнүгүүсү артта калган балдар үчүн);

  • жетим балдар жана кароосуз калган балдарга билим берүү кирет.

Азыр Кыргызстанда жалпы билим берүү мектептерден башка гимназия, лицей, колледж, тереңдетилген билим берүү мектептери, автордук мектептер, «Бала – бакча - мектеп», «Мектеп-ЖОЖ» деген комплекстер да жок эмес.

Ал эми башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун методикасы тиешелүү фактыларды, ошондой эле эне тилинин илимий маалыматтарын (фонетика, лексикология, морфология, синтаксис, стилистика, орфография, пунктуация ж.б. боюнча) кыргыз тил илиминен алат да, башталгыч класстарда эне тилине байланыштуу окутула турган жогорудагы көрсөткөн конкреттүү бөлүктөрдү кандай жол менен үйрөтүүнүн ыкмаларын иштеп чыгат. Алардын ордун тактап, алардын натыйжалуу, ыңгайлуу жолдорун аныктайт. Орто мектептин башталгыч класстарында кыргыз тилинен сабак берген окутуучу педагогикалык чеберчилигин традициялык педагогиканын жана азыркы учурда колдонулуп жаткан окутуунун жаңы технологияларын терең өздөштүрүп, айкалыштыруу менен жогорулата алат.

Метод - педагогикалык категория катары өтүлө турган материалды кандай ыкма менен натыйжалуу берүүнүн жолдорун көрсөтөт. 20-кылымдын 60-жылдары окутуу методдорун бир системага келтирип классификациялаган окумуштуу Е.Я. Галант болгон, кийинчирээк дидактар М.Н.Скаткин, И.Я.Лернер, М.А.Даниловдор бул маселеге кайрылышкан. Ал эми академик Ю.К.Бабанский түзгөн окутуунун методдорунун классификациясындагы:




  1. Айтып берүү методдору (аңгеме, түшүндүрүү, лекция, аңгемелешүү, окуу китеби менен иштөө ж.б.);

  2. Көрсөтмөлүүлүк (таблица, схема, сүрөттөрдү иллюстрациялоо, диафильм, кино демонстрациялоо, музейге, өндүрүшкө, жаратылышка экскурсия ж.б.);

  3. Практикалык (көнүгүү, көнүктүрүү, үй жана аудиторияда өз алдынча иштөөнү уюштуруу, эксперимент, эмгек жана коомдук иштерге тартуу ж.б.) [29 , 81-б ].

Салыштыруу максатында түрк жана орус педагогикаларындагы классификацияларга да токтолсок.



Түрк педагогу Т. Мехмед жана А.Алимбеков окутуунун методдорун төмөнкүдөй сыпатташат:

«Түздөн-түз түшүндүрүү, же айтып берүү - педагогикалык тажрыйбада эң көп колдонулган салттуу методдордун бири. Окутуучу борборунда турган метод катары программалык билимди пассивдүү абалда отурган окуучуларга жеткирүүдө көп колдонулат. Түздөн-түз түшүндүрүү методдорунун бири - семинар ыкмасы докладчынын бир теманы эң кеми жарым саат түшүндүрүшү жана андан соң суроо-жооп аркылуу ишке ашырылган ыкма. Конференция ыкмасы болсо негизинен, адистин кандайдыр бир тема боюнча белгилүү бир угуучулар тобуна баяндама жасашы аркылуу ишке ашырылат.
Талкуу методу окуучулар өз ойлорун эркин ортого сала билүү, башкалардын көз карашын сыйлай билүү, өз ара карым-катышта болуу сыяктуу жөндөмдөрүн өстүрүүгө багытталат. Бул методдун негизги ыкмаларынын бири - чоң тайпаларда талкуу жүргүзүү. Ал эми чакан топтордогу талкуу чоң топту чакан топторго бөлүү аркылуу ишке ашырылат. Мында 22- топ, 44-топ,66- топ сыяктуу иш чараларды аткарууга болот. Баарлашуу ыкмасы, негизинен алдын-ала аныкталган бир тема боюнча 5-9 кишилик бир чакан топто өткөрүлгөн талкуу аркылуу ишке ашырылат. Мындай талкуу, эреже катары, чоң топтун алдында өткөрүлөт. Жарыш сөз ыкмасында бир темага байланыштуу макул же каршы көз караштарды жактаган эки топ түзүлөт. Топтор алдын-ала даярдыктан өткөрүлгөн соң калыстар тобунун алдында өз көз караштарын талкууга коюшат. Жеңип чыккан топ калыстар тарабынан жарыяланат. Талкуу методунда колдонулган ыкмалардын дагы бири - «мээге чабуул» деп аталат. Ал окуучулардын оюна келген пикирлерин ошол заматта талкууга коюлушун жана талкууланган пикирлердин окуучулар арасында колдоого алынышын камсыз кылат. Өз ара толуктама баарлашуу ыкмасы (окуянын тескерисин жаса же айт деген ыкма) суроо жана жооп берүүчү эки тайпада ишке ашырылат. Топтор адегенде берилген темага даярданышат. Андан соң суроочулар тобу даярдаган суроолорун берсе, жооп берүүчүлөр тобу берилген суроолорго жооп кайтарат. Суроо-жооптун натыйжасында ийгиликке жетишкен топ аныкталат.Симпозиум ыкмасында кандайдыр бир темага байланыштуу эки же андан көп баяндамачы дайындалат да, алар угуучулардын алдында баяндама жасашат. Угуучулар суроо-жооп учурунда талкууга катышат. Талкуунун жыйынтыгы баяндаманын мазмуну жана суроо-жооптун натыйжасы боюнча чыгарылат. Тегерек стол ыкмасында 10-15 студент уй мүйүз тарта отургузулат. Ар бир студент өзүнө берилген суроого жооп кайтарат. Алты калпактуу ыкмада класска алты башка маани ыйгарылган алты калпак тартылат. Талкууда ар ким өз калпагына туура келген көз караштарын билдирет. Максат: ар кандай пикирлерди айтуу жана талкууга алуу.
Суроо-жооп методу сабакта окуучулардын активдүүлүгүн жандандыруу максатында карым-катыш түзүүдө көп колдонулган метод болуп эсептелет. Суроолор максатына, жооптун түрүнө, үйрөтүү методуна, берилиш формасына жана кимге багытталганына карай бири-биринен айырмаланат. Алар киришүү, сабакка багыттоо тести, сабакка даярдануу, сабак ичи, баалама жана кер байланыш суроолору болуп түркүмдөлөт. Бардык учурда мугалимдин таасирлүү суроо бере билүүсү, б.а. бул ыкманы натыйжалуу колдоно билүүсү талап кылынат.
Долбоор методу - кандайдыр бир маселенин жеке адам же жамаат тарабынан колго алынып, жашоо турмушка өзгөчө зарыл болгон натыйжаларга жетүү максатын көздөгөн метод.
Маселе чечүү методу маселе чечүүнүн илимий негиздерин жетекчиликке алуу аркылуу окуучуларга практикалык мүнөздөгү маселелерди чечүүнүн жол-жоболорун үйрөтүү максатын аркалайт. Көрсөтүп жасатуу методу кандайдыр бир иш-аракетти адегенде көрсөтүп, андан соң окуучулардын өздөрүнө жасатууну көзөмөлдөп турт. Өрнөк окуя методу болуп өткөн же боло турган бир окуяны же кубулушту окуучуларга айтып берүү жана ал окуяда баяндалган маселени суроо-жооп формасында талкуулоо аркылуу өткөрүлөт. Жеринде байкоо методу максаттуу жана пландуу түрдө мектептен башка бир чөйрөгө алып баруу жана жеринде байкоо жүргүзүү аркылуу окуучуларды кандайдыр бир ишке үйрөтүү максатын аркалайт.
Роль ойноо методу роль аткаруу аркылуу окуучулардын туюм-сезимдерин жана ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталат. Окшоштуруу методу бир окуяны же маселени ар кандай өңүттөн талкуулоо, бир документти талдоо үчүн кандайдыр бир эрежелердин негизинде окшоштук белгилерди табууга, андай белгилердин моделин түзүүгө багытталган метод. Драма методу- окуучуларды кайсы шартта кандай аракеттенүү керектигин өздөрүнө аткаруу аркылуу үйрөткөн ыкма. Анын табигый драма жана формалдык драма деген эки түрү бар.
Долбоор методу – кандайдыр бир маселенин жеке адам же жамаат тарабынан колго алынып, жашоо-турмушка өзгөчө зарыл болгон натыйжаларга жетүү максатын көздөгөн метод. Программалап үйрөтүм методу жеке адамдын өз алдынча үйрөнүү өзгөчөлүктөрүн жетекчиликке алган жана программанын маани -мазмунун үйрөнүүгө жеңил болгон бөлүктөргө бөлүп, аларды ырааттуу жана белгилүү бир тартипте жайгаштыруу аркылуу сунуштаган, ошондой эле мурдагысын жакшылап үйрөнгөнгө чейин жаңы маалымат бербөөнү негиз тутунган метод. Микро үйрөтүм - мугалимдерди даярдоодо көп колдонулган жана сынчыл-негизги үйрөтүм жөндөмдөрүн болочок мугалимге үйрөтүү максатын көздөгөн метод.

Окутуунун түшүндүрүп-иллюстрациялоо түрү окутуунун башка түрлөрүнө караганда бир катар артыкчылыкка ээ. Эң башкысы өтүлгөн тема боюнча негизги материалды эстеп калуу жагын жакшы чечкен. Окутуунун мындай түрү мектептерде узактан бери колдонулуп, аны дагы өркүндөтүү менен ар кандай көрсөтмөлүүлүктөр көп пайдаланылып, жаңыдан өтүлө турган теманы түшүндүрүүдө убакытты үнөмдөөгө жетишет. Өтүлүүчү материалды кыска мөөнөттө түшүндүрүүгө болот. «Кемчилиги» көбүнчө окуучуларды «даяр» далилдерди гана айтып берүүгө үйрөтүп, өз бетинче иштөөгө, анын тегерегинде ойлонууга, изденүүгө түртө албайт.

Модулдук үйрөтүм - «модулдап программалоо» аттуу бир программаны практикалоо формасы. Билим берүү процессиндеги жеке адамдын өз алдынча үйрөнүшүн камсыз кылган, кандайдыр бир ички бүтүндүккө ээ болгон жана бири-бирин толуктап тактаган үйрөнүүнүн өз алдынча элементтеринин иреттелген жыйындысы модулдап программалоо деп аталат. Ал эми бул программага шайкеш аткарылган үйрөтүм модулдап үйрөтүм катары кабылданат. Түшүнүк карталары маалымат жана түшүнүк жаатында иерархиялык катышты жалпыдан жекеге карай сыпаттоо жана графикалык формага келтирүү аркылуу конкреттештирүү максатын көздөгөн метод. Кызматташып үйрөнүү- чакан топторго бөлүштүрүлгөн окуучулардын өз ара жардамдашып үйрөнүшүн камсыз кылган метод болуп эсептелет [40 , 154-156-б.].

1.2. Окутуунун жаңы технологиялары.

Жогоруда айтылган традициялык методдор менен катар азыркы учурда проблемалык, программалык, компьютердик, талкуу, интерактивдүү ж.б. методдор жана алардын ар кыл ыкмалары да активдүү колдонулууда.

Ал эми орус методистери колдонуп жаткан методдор жөнүндө А.Муратов иликтөө жүргүзгөн. Анда кийинки мезгилдерде көп колдонулуп калган «технология» деген терминдин мааниси да чечмеленет.

«Педагогикалык технологиянын бир нече аныктамалары бар:


  • «… ыкмалардын биримдиги – педагогикалык ишмердүүлүктүн терең процессин чагылдырган, алардын өз ара таасир этүүлөрүн көрсөткөн, ошондой негиз кылганда окуу - тарбия процессинин натыйжалуулугун көтөрүүгө шарт даярдап берген педагогикалык билимдердин тармагы» (Основы педагогических технологий: Краткий толковый словарь. Урал. Гос. Пед. Ун-т. Екатеренбург, 1995, 19-бет);




  • «… билим берүү процессинин өзгөрүп жаткан шарттарында (адистик жогорку билим берүүнүн стандарты) ага прогноз жана диагностика берүү үчүн инструментарий даярдаган процедуралардын, операциялардын, кыймыл-аракеттеринин биримдиги;



  • «-социалдык тажрыйбаларды чагылдыруунун форма, ыкма, метод жана каражаттарынын биримдик - байланышы, ошол процесстин техникалык жактан ишке ашырылыш жолу» (Психолого-педагогический словарь - справочник для учителей и руководителей общеобразовательных учреждений. Ростов-на-Дону: Феникс, 1998, 436-бет);




  • «-окуу–таанып билүү процессин уюштуруунун жолдорунун биримдиги же алдыга койгон максатка жетүүгө багытталган мугалимдин конкреттүү ишмердүүлүгү менен байланышкан белгилүү бир кыймыл-аракеттердин, операциялардын ырааттуулугу. (Байкова Л.А., Гребенкина Л.К. Педагогический мастерство и педагогические технологии. М.: Пед. Об-во России, 2001, 9 - бет).

Педагогикалык технологияны бүтүндөй илимий багыт, агым катары карагандар да бар:



  • «-окутуунун бир кыйла рационалдуу жолдорун изилдеген илим» (Селевко Г.К. Современные образовательные технологии. -М.: Народное образование, 1988, 15-бет);




  • «-билим берүү системасынын конструктурлоо, окутуу процессин проектирлөө жолу менен шугурланган педагогика илиминдеги жаңы (50-жылдардан тартып) багыт» (Коджаспирова Г.М. Коджаспиров А.Ю. Педагогический словарь. - М.: Академия, 2000, 149-160-бет);



  • «-окуу–тарбия процессинин эффективдүүлүгүн арттырууга багытталган, анын жогорку деңгээлин гарантиялаган, мына ошондо белгилүү максат-ниеттерге жетишүүнү камсыз кылган педагогика илиминдеги (прикладдык педагогика) атайын багыт» (Байкова Л.А. Гребенкина Л.К. Педагогическое мастерство и педагогические технологии. М.: Пед. общество России, 2001, 9-бет).

Ушундай пикирлерге кошумча Уралмампедуниверситетинин профессору, педагогикалык илимдердин доктору Е.В.Каратаева педагогикалык технологияларды классификациялоого аракет кылып негизги 3 топко бөлөт:
1. Окутуунун активдүү методдору менен формаларын колдонгон педагогикалык технологиялар: оюн технологиялары, проблемалык окутуу, өстүрүп-өнүктүрүп окутуу технологиялары, программалык окутуу технологиялары, интерактивдүү окутуу, окутуунун компьютердик технологиялары, модулдап окутуу, окуучулардын чыгармачылык ишмердүүлүгүн активдештирип окутуу ж.б.
2. Адептивдүү педагогикалык технологиялар: түрдүү деңгээлин карап окутуу; окутуунун жекелештирилиши; вальдоф педагогикасы; суггестивдүү технологиялар; окутууга аудиовизуалдык мамиле кылуу; адептивдүү мектеп (Е.Ямбург), мектеп-парк (Балабан); агромектеп (А.Католикова) ж.б.
3.Окутуунун автордук мектеби катары сунуш этилген педтехнологиялар: Ш.А.Амонашвили, Е.И.Ильин, С.Н.Лысенкова; Никитиндердин үй-бүлөлүк тарбиялоо системасы; В.Ф. Шаталов ж.б. (Коротаева Е.В. Обучающие технологии в позновательности школьников: Библ. журнала «Директор школы // 2003, № 2, 21-22-б.

Барнаул шаарынан А.В.Петров ХХ кылымдын соңунда Россияда саясий, социалдык, экономикалык тармактарда гана кризис болбостон, билим берүү тармагында да олуттуу кризис болгондугун айтып келип, азыркы учурда мектептер жана ЖОЖдо төмөнкүдөй технологияларды практикага активдүү киргизип жаткандыгын белгилейт:




  • Проблемалык окутуу. Анын маңызы, максаты үйрөнүп жаткандын алдына бара-бара жана атайын максат менен билимди активдүү өздөштүрүү үчүн таанып билүүчү милдеттерди коюп баруу; билим берүүнүн максатына жетишүү үчүн изденүүчү методдорду жана таанып билүүчү милдеттерди коюунун механизмдерин колдонуу;




  • Концентирленген окутуу. Анын маңызы, максаты - билим блокторун бириктирип окуу менен предметтерди терең өздөштүрүүгө аракет кылуу, мында максатка жетүүнүн башкы жолу - үйрөнүүчүнүн иш жөндөмдүүлүгүнүн динамикасын өстүрүүчү ыкмаларды колдонуунун механизмдерин пайдалануу;




  • Модулдук окутуу. Өз алдынча окуу программасы менен үйрөнүүчүнүн жекече ишмердигин өнүктүрүшү. Анын максатка жетүү механизми – окутуунун индивидуалдуу темпи жана проблемалуу мамиле.




  • Өнүктүрүп - өстүрүүчү окутуу. Мунун маңызы- үйрөнүүчү адамдын потенциалдык мүмкүнчүлүгүнө жана анын реализацияланышына негизденип билим берүү. Максатка жетүү механизми - үйрөнүүчүнү ар кандай ишмердүүлүктүн түрлөрүнө салып, максатка алып баруу.




  • Дифференцирлеп окутуу. Анын маңызы - үйрөнүүчүнү жалпыга милдеттүү стандарттан төмөн түшүп кетпеген ар түрдүү пландалган денгээлдеги программалык материалдарды окуп үйрөнүү. Максатка жетүү механизми - индивидуалдуу окутуу методдорун колдонуу.



  • Активдүү окутуу. Анын маңызы- келечектеги адистин ишмердүүлүгү үчүн предметтик жана социалдык мазмунду моделдештирүү. Максатка жетүү механизми - активдүү окутуунун методдору.




  • Оюнга негиздеп окутуу. Анын маңызы - билим берүүчү маалыматтарды издеп табуу, иштеп чыгуу жана өздөштүрүү ишмердүүлүгүнө багытталган жумуштарды өз алдынча ишке ашыруу. Максатка жетүү механизми - үйрөнүүчү чыгармачылык ишмердүүлүккө тартуу үчүн оюн ыкмаларын колдонуу» [23].

Жогоруда айтылгандарды жыйынтыктоо менен башталгыч класстарда кыргыз тилинен сабак берген мугалим мектептеги өз ишмердүүлүгүн жогорудагы маалыматтарга таянып уюштурса, замандын талабына шайкеш аракеттенип, иш алып барат .

1-бөлүм боюнча жыйынтык.


20-кылымдын 80-жылдары педагогикалык лексикондо «инновация» деген түшүнүктү ( адегенде журналисттер, андан кийин ар кандай кесип ээлери) колдоно баштады. Ал өлкөдө пайда боло баштаган кайра жаралуу мезгилине таандык.

Инновация (анг. «жаңылануу, өзгөрүү» деген сөз) педагогикалык системада илимдин, техниканын жаңы жетишкендиктерин, жаңы технологияны колдонуу менен окуу-тарбия процессинин жаңылануусуна жетишүү, б.а. натыйжалуу, эффективдүү кайра жаралуу процессин түзүү дегенди билдирет.

Азыркы мезгилде билим берүү үч багытта өзгөрүүдө: демократиялык, дифференциялык жана гумандуулук. Бул багыттарда билим берүүдөгү жаңыланыш процесси жеке эле педагогикалык проблема эмес, ал коомдук, мамлекеттик да проблема. Себеби, балдардын билим алуусу (ата-энени, мектепти, баланын өзүн гана кызыктырбастан) коомду да кызыктырат. Баланын өсүшүн, өнүгүүсүн жана калыптанышын билим-тарбия процессинин негизи катары кароо демократиялык жана гумандуулук педагогикасынын максаты.

Демек, билимдин фундаменти башталгыч класстан баштап түптөлгөндүктөн, коомдо, анын ичинде билим берүү системасында болуп жаткан жаңылануулар тууралуу башталгыч класстын мугалиминин терең маалыматы болушу - закон ченемдүү иш.

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДА КЫРГЫЗ ТИЛИН ОКУТУУДА

ЖАНЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ

2.1. Педагогикалык инновациялар.


Азыркы мезгилдеги көрүнүктүү жаңылануулардын бири Кыргызстанда ар түрдүү типтеги мектептердин пайда болушу. Жаңы «инновациялык» - традициялык эмес мектептер - бул жаңы педагогикалык идеяларды издеген, базасы, педагогикалык коллективи, каражаттары, финансысы ж.б. бар, аракетчил, жаңы нерселерди (усулдарды, ыкмаларды ж.б.) колдонуудан коркпогон, чыгармачыл, окуучуларды субъект катары эсептеген, окуучуларга багытталган иш-аракеттерди колдонгон, изденүүдөн талбаган мектеп жамааты.

Кыргызстанда жаңы типтеги мектептердин жана жогорку окуу жайлардын пайда болушу 20-кылымдын 80-жылдарынын аягына таандык. Ага түрткү болгон союздук гумандулук жана демократиялык кыймылы.

Аны биринчилерден болуп баштаган жогорку окуу жайлары болду, себеби мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээлинин төмөндөй башташы түздөн-түз бир типтеги мектептердин иши менен байланыштуу. Бардык окуучуларга жалпы билим берүү, алардын жөндөмдүүлүгүн, кызыкчылыгын, талабын эске албоо болуп саналган. Чындыгында, ар убакта таланттуу жана шыктуу балдар өсүп чыккан. Анын талантын, шыгын кантип билүү керек? Кантип жардам берүү керек? Буга жооп иретинде 1990-жылы Кыргызстандын Министрлер кеңеши «Жалпы билиим берүүчү мектептердин жаңы типтери» жөнүндө токтом кабыл алган. Анын негизинде Эл агартуу министрлиги 28-майда 1990-жылы «Жаңы типтеги мектептерди уюштуруу» боюнча буйрук чыгарып, эксперимент катары Бишкек шаарынын №5- мектеп-гимназиясы (кыргыз тилинде), № 6 мектеп- гимназиясы (орус тилинде), Ош шаарында № 20, № 28, У.Салиева атындагы мектеп-интернаты жаңы типтеги мектеп деп жарыяланган. Булар эң биринчи инновациялык мектептер.

1991-жылы 5 мектеп-гимназиясы, 3 лицей, 20дай эксперименттик аянтчалар ачылган. Бүгүн инновациялык мектептердин саны 300дөн ашуун. Азыркы күндөгү инновациялык мектептер билим берүү менен акыл эмгегинин, нравалык, эстетикалык, дене түзүлүшүнүн өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарт түзгөн, жөндөмдүүлүктөрүн, шыгын өстүргөн, маданий – улуттук талаптарын камсыз кылган мектептер. Бул мектептеги мугалимдер жаңы, жеке программалар менен иштей баштады. Алар гумандуулук, демократиялык, дифференциялык, вариативдик окуу принциптерин колдонуу менен балага багытталган окуу-тарбия иштерин жүргүзүүдө.

Жаңы типтеги мектептердин критерийлери (белгилери) окутуунун программасын, аны иш жүзүнө ашыруу деңгээлин жана баскычтарын аныктоо болуп эсептелет. Анын негизинде:
1. Мектеп – гимназиясы – универсалдуу билим берүү (ар жактуу) менен окуу предметтерин (тандап алган) тереңдетип үйрөтүү гуманитардык, илимий-табигый, эстетикалык, техникалык багытта жүргүзүлүүдө. Базистик окуу планынын негизинде вариативдик окуу планы түзүлгөн. Мисалы: Бишкек шаарындагы № 6 мектеп-гимназиясынын окуу планын алып көрөлү.
Базалык окуу планы:




Окуу предметтери

1-класс

2-класс

3-класс

1.

Кыргыз тили

3

4

4

2.

Орус тили

8

8

8

3.

Математика

5

5

5

4.

Чет тили

2

3

4

5.

Сүрөт, көркөм эмгек

2

2

2

6.

Музыка

2

2

2

7.

Дене тарбиясы

2

2

2

8.

Мекен таануу

1

1

1




Бардыгы

25 саат

27 саат

28 саат

Гимназиялык компоненти:



1.

Этиканын негиздери

1

1

1

2.

Хореография

1

1

1

3.

ОИВТ

1

1

1




Бардыгы

3

3

3




Жалпы

28 саат

30 саат

31 саат

Бул окуу пландары жалпы билим берүүнү (базалык) ийгиликтүү өздөштүргөн жөндөмдүү балдар гимназиялык класстарда белгиленген предметтер (өздөрү тандаган) боюнча терең билим алууга өтүшөт. Мисалы, Бишкек шаарындагы № 5 гимназия мектеби гуманитардык, химия-биологиялык, англис тили боюнча терең билим берүү максатын көздөйт.


2. Мектеп-лицейи окуучуларды келечекте кесип алууга багыттайт. Гимназияга караганда лицей тандап алган кесиби боюнча гана билим алууга мүмкүндүк берет. Мисалы: Бишкек шаарындагы № 61- физика-математикалык мектеп лицейи башталгыч класстан эле кесиптик багыт бере баштайт. Ал жалпы билим берүү менен келечек кесибине да багыттайт. Мындай лицейлер республикабыздын бардык шаарларында ачылган. Мисалы: Жалалабад, Ош, Нарын, Каракол ж.б.


  1. Мектеп- комплекстери биргелешкен билим берүү системасы: орто билим берүүчү мектеп-бакча, мектеп-вуз, мектеп-колледж, мектеп-музыкалык борбор, мектеп-спорт класстары ж.б.




  1. Профилдик (кесиптик) мектептер балдардын тандап алган предметин тереңдетип окутулуучу программалары менен айырмаланат.




  1. Автордук мектептер жеке автордун түзгөн өзүнчө программасы менен иштешет. Мисалы: Тоң районундагы академик А.А.Салиевдин автордук мектеби көбүнчө музыкалык билим берүүгө багытталган.




  1. Эксперименталдык мектеп аянтчалары бар мектептер изденүү, аныктоо иштери боюнча уюштурулуп, окуу пландарынын көп түрү боюнча сабак өтүү менен алардын эң натыйжалуу жагын аныктайт. Мисалы: Бишкек шаарндагы № 67 мектеп, № 65 «экология-диалектика» мектеби, Новопавловка орто мектебиндеги социалдык-педагогикалык комплекси, балдарга жалпы билим берүү менен музыкалык, спорттук, эмгекке, көркөм өнөр жайына багытталган даярдык берүү мектептери.

7.1994-95-окуу жылдары чет мамлекеттердин билим берүү системасына (Англия, Канада, АКШ) көңүл бөлүнө баштаган. Азыр Кыргызстанда онго жакын кыргыз-түрк мектептери ачылып, анда эркек балдар менен кыздар бөлүп окутулат. Менчик жана менчик-мамлекеттик мектептер көбүнчө түрк тилин окутуу үчүн ачылган. Мектепти бүткөндөн кийин Түркияга барып билимин улантуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошону менен катар Кыргызстанда альтернативдик мектептер ачылды. Мисалы: «Открытое сердце» деген Мария Монтессоринин гуманист инсанды калыптандыруу идеясы боюнча, «Золотой ключик» Вальдорф педагогикасынын идеясы менен ачылган.

Мисалы, «Кадамдан - кадамга» Билим берүү демилгелеринин борбору дүйнөнүн 28 өлкөсүнүн өкүлдөрү бириккен «Step by Step» программасынын Эл Аралык Ассоциациясынын мүчөсү болуп саналат.
Эл Аралык «Step by Step» программасын ишке ашыруу 1995- жылы «Сорос - Кыргызстан» фондусунда башталган. 1998-жылдын октябрь айынан тартып программа коомдук уюм катары өз алдынча иштей баштаган.

Программа мамлекеттик окутуу программасынын билим берүү стандартын өзгөртпөстөн, аны негиз кылып алуу менен, окуу чөйрөсүн өзгөртүп, ар бир баланын жекече өзгөчөлүгүн эске алып, тандоо мүмкүнчүлүгүн түзүп бере ала турган окутуунун жаңы методдорун пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүп берет.



Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3


©kzref.org 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет