И. Раззаков атындагы кмтуунун Окумуштуулар кеңешинин “Университеттин инженердик- техникалык коммуникацияларынын, окуу имараттарынын жана студенттик жатаканаларынын күзгү кышкы мезгилине даярдыгы” маселеси боюнча токтом у



жүктеу 46.07 Kb.
Дата15.05.2019
өлшемі46.07 Kb.



И.Раззаков атындагы КМТУунун Окумуштуулар кеңешинин “Университеттин инженердик- техникалык коммуникацияларынын, окуу имараттарынын жана студенттик жатаканаларынын күзгү - кышкы мезгилине даярдыгы” маселеси боюнча
Т О К Т О М У

29 октябрь 2014ж.
2014-2015- окуу жылында “Университеттин инженердик- техникалык коммуникацияларынын, окуу имараттарынын жана студенттик жатаканаларынын күзгү- кышкы мезгилине карата болгон даярдыгы” тууралуу финансы экономикалык иштер боюнча проректору И.А. Атантаевдин докладын угуп, талдап Окумуштуу кеңеш университеттин чарба кызматчылыгы күз-кыш мезгилине карата белгиленген план- мерчемдерге ылайык тийиштүү жумуштар аткарылганын белгилейт.

Өткөн 2013-14- окуу жылындагы жыйынтыктарды эске алып, жоопкер адамдары жана иш мөөнөттөрү көргөзүлүп, 2014- ж. күзгү-кышкы мезгилине тийиштүү иш пландары даярдалган жана бекиген. Ал пландын негизинде өз убагында тийиштүү иштер бүткөрүлгөн.

Жылуулук берүү сезонуна даярдык бир топ техникалык, чарба мерчемдерин ишке ашыруу менен аныкталат, атап айтсак: электр системасын профилактикадан өткөрүү, жылуулукту үзгүлтүксүз камсыздоо, курулуш- ремонт иштерин жүргүзүү, каалга, терезелерди калыбына келтирүү жана жылуулоо ж.б.

Көргөзүлгөн иштерди жүзөгө ашырууда университеттин башкы энергетика кызматчылыгы боюнча университетке кызмат өтөй турган уюмдар менен эки жактуу келишимдер түзүлгөн, атап айтсак:



  • агындыларды тазалоо, таза сууну кабыл алуу жана берүү иштери боюнча ПЭУ “Бишкекводоканал” менен;

  • электр энергиясы менен камсыздоо, керектөө маселеси боюнча АК “Северэлектро” менен;

  • университеттин окуу корпустарын жана жатаканаларды жылуулук менен камсыздоо боюнча ААК “Бишкектеплосеть” менен;

  • Таштандыларды чыгарууга АК “Тазалык” менен.

Түзүлгөн келишимдер боюнча 2013-14- окуу жылына электроэнергияга, жылуулукка жана сууга лимиттер аныкталган:

1. Электроэнергиянын жылдык лимити 1900 миң КВТ. Өткөн 9 ай ичинде 1751 миң к.Вт электроэнергия керектелди.

2. Жылуулук энергиясынын жылдык лимити 4123 Г.кал. 9 айда 3008 Г.кал. энергия керектелди.

3. Суунун жылдык лимити 519,2 миң м.куб. 9 ай ичинде 165 миң м.куб суу сарпталды.


Коммуналдык муктаждыкка бардыгы болуп 6 753.895 миң сом сарпталды.

ТП-285 “Политехникте” пландаган ремонт жүргүзүлдү. Трансформаторго май толтурулду, ток алып баруучу стержиндердин, шиналардын, шина өткөргүчтөрдүн, күч кабелдеринин , электр өткөргүчтөрдүн болттору бекемделди.

Электр установкаларынын сактагыч элементтери сыноодон өткөрүлдү.

Окуу корпустарындагы, жатаканалардагы этаждарын электрошиттери, группалык шиттери жана таркаттуучу шкафтары пландаган ремонттон өтүштү, ошону менен катар бардык күч электр шиттер, жарык берүүчү шиттер ревизияланды.

Жылуулук энергиясын эсептөө системасын демонтаждоо жана монтаждоо иштери мамлекеттик текшерүүдөн өттү.

Жатаканаларда, окуу корпустарда бардык элеватордук түйүмдөрдө пландаштырылган ремонт иштери жүргүзүлдү жана тийиштүү түтүктөр, батареялар тазаланды, алмашылды. Муздак суу жана ысык суу агып кетүү коркунучу бар жерлер ремонттон өттү. Кранник, унитаздары ревизиялап, ремонттор жасалды.

Университеттин курулуш- ремонттук группасы бир топ көлөмдөгү жумуштарды аткарды. Өткөн 9 ай ичинде аткарылган иштердин актысына тийиштүү 5 067 450 сомго жумуш аткарылган.

Жүргүзүлгөн тендерлер боюнча аткарылган ремонттук иштердин суммасы 3 068 000 сомду түзөт, алардын ичинен:

1. 1 200 000 сом (ББИнин өткөргөн тендери менен 2-окуу имаратынын фасады ремонттолду);

2. 1 418 000 сом (ДОИж.ККнын өткөргөн тендери менен 3-окуу имаратынын фасады, терезелери, 2-этаждын коридору ремонттолду);

3. 450 000 сом (ПКнын өткөргөн тендери менен музейдин терезелери алмашылды);

Эмгек келишими аркалуу аткарылган ремонттук иштердин көлөмү 1 442,6 миң сомду түзөт (1-жатаканадагы душтар ремонттолду, 1-окуу имаратындагы подвалда коридордун дубалын ОСБ менен капталды).

Башкы окуу корпусунда аткарылган жумуштун көлөмү 1 205 504 сомго барабар (аудиториялар, 2- 3- этаждын коридорлору, вестибюль, лестница клеткалары ремонттолду);

2- окуу корпусунда жасалган ремонттун көлөмү 439451 сомго тете болду (1- 4- этаждын коридору, 615. 226, 626 – аудитория ремонттолду);

4- окуу корпусунда ремонттук иштер 84 000 сомго аткарылды ( 102- кабинет, 202- аудитория);

5- окуу корпусу боюнча жүргүзүлгөн ремонт көлөмү 34 500 сомду түзөт (07- аудитория);

4- кварталда аткарууга пландалган жумуштар жүрүп жатат (3- жатаканадагы душтары, туалеттери).

Учурда терезелерге айнек салуу иштери бүттү, аларды, каалгаларды, подвалдагы, сырттагы коммуникациялык түтүктөрдү изоляциялоо жумуштары аткарылып жатат.

Жатаканаларда, окуу корпустарында өрт чыгуу коопсуздугуна карата пландалган иштер аткарылган, атап айтсак :

- чатырлардагы жыгач конструкциялар өрткө каршы тийиштүү эритме менен сугарылды;

- тендердин негизинде өрт коопсуздугун сактоочу жабдыктар сатып алынды жана тийиштүү орундарына коюлду.

Бардык юридикалык структуралар жылуулук берүү сезонуна карата оперативдик башкарууга алган обьектилеринде пландуу түрдө жумуш аткарышты жана аткарышууда.
Илимий кеңеш белгилейт: финансылык жетишпегендикке байланыштуу болгон кээ бир кемчилдиктерди эске албаганда, университет негизинен кышкы сезонго карата даяр.
Жогорку көргөзүлгөндөрдүн негизинде И.Раззаков атындагы КМТУнун Окумуштуу кеңеши
Т О К Т О М кылат:


  1. Финансы- экономика иштери боюнча проректору И.А.Атантаевдин “Университеттин инженердик-техникалык коммуникацияларынын, окуу имараттарынын жана жатаканаларынын күзгү- кышкы мезгилине даярдыгы” тууралуу маалыматы эске алынсын;

  2. Университеттин инженердик- техникалык кызматчылыгы, юридикалык структуралык бөлүктөр менен бирге планда каралган 4 кварталдагы иштерди мөөнөтүндө аткарышсын. Жооптуулар: башкы инженер Болгонбаев А., юридикалык структуралардын директорлору;

  3. Структуралык бөлүмдөргө, кафедраларга бөлүнүп берилген кабинеттердеги, аудиториялардагы, жатаканалардагы терезелер жылуулансын. Жооптуулар: бөлүмдөрдүн, кафедралардын башчылары, коменданттар (Мөөнөтү- 10.11.2014ж);

  4. Кийинки жылдын кышка даярдануу планына жаан аккан чатырларын ремонтоо, суук аудиториялардагы жылыткыч түтүктөр, радиаторлорду алмаштыруу иштери камтылсын. Жооптуулар: проректор И.А.Атантаев, башкы инженер А. Болгонбаев (Мөөнөтү – 30.11.2014ж.) ;

  5. КРнын Билим берүү жана илим министирлигине электр энергиясынын лимитин көбөйтүү сунушу киргизилсин. Жооптуу- проректор Атантаев И.А.(Мөөнөтү – 10.11.2014ж.)

  6. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу финансы-экономика иштери боюнча проректору И.А. Атантаевке жөктөлсүн.

Окумуштуу кенештин төрагасы Т.Б.Дуйшеналиев


Окумуштуу катчы Б.Э.Таштобаева
Каталог: wp-content -> uploads -> 2013
2013 -> Министерство сельского хозяйства Республики Казахстан 010 000, г
2013 -> Бір көзден алу тәсілімен мемлекеттік сатып алу қорытындысы туралы №21 хаттама
2013 -> Бір көзден алу тәсілімен мемлекеттік сатып алу қорытындысы туралы №2 хаттама
2013 -> Бір көзден алу тәсілімен мемлекеттік сатып алу қорытындысы туралы №6 хаттама
2013 -> Министерство сельского хозяйства Республики Казахстан 010 000, г
2013 -> Тақырыптың өзектілігі
2013 -> «Алаш» либералдық-демократиялық қозғалысы идеологиясының маңызд


Достарыңызбен бөлісу:


©kzref.org 2019
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет