«Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо боюнча» Нускама



жүктеу 0.77 Mb.
бет1/4
Дата30.01.2018
өлшемі0.77 Mb.
  1   2   3   4

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2004-жылдын 28-декабрындагы № 961

токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо боюнча



Нускама

 

Бул Нускама бажылык максаттар үчүн бажылык тариздөө процессинде берилүүчү зарыл документтердин тизмесин, тариздөөнүн бажылык жол-жоболорун жүргүзүү тартибин, эрежесин, талаптарын жана шарттарын, товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык контролдоону аныктайт. Бул Нускамада пайдаланылуучу түшүнүктөрдүн мааниси Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин (мындан ары - Бажы кодекси) 9-статьясында келтирилген негизги түшүнүктөргө ылайык келет.



 

I бөлүм. Бажылык тариздөө үчүн зарыл документтер жана маалыматтар

 

1. Бажы чек арасынан өтүү жүк ташуучуга товарларды жана транспорттук каражаттарды өткөрүү пунктуна же бажы органына товарларды жана транспорттук каражаттарды көрсөтүү жерине талап кылынган учурда, бажы органдары аныктаган маршрут боюнча мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жеткирүү милдетин жүктөйт.



Товарларды Кыргыз Республикасынын Бажы чегарасы аркылуу өткөрүүдө адам товардын түрүнө, берүү шартына, тандалган режимге жана Тышкы соода иш-аракетин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жараша Кыргыз Республикасынын бажы органдарына документтерди берет.

2. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарлар жана транспорт каражаттары келгендеги зарыл маалыматтар болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- товарлардын түрлөрү жана аталыштары жөнүндөгү маалыматтар;

- товарлардын саны жөнүндөгү маалыматтар;

- транспорт каражаттарын бир түргө келтирүүгө мүмкүндүк берүүчү кыскача маалыматтар;

- бажылык максаттар үчүн маалыматтарды билдирүүчү адамдар жөнүндө маалыматтар (товарларга жана транспорт каражаттарына карата аталган адамдардын кандай тиешеси бардыгы);

- транспорттук документтер жөнүндөгү маалыматтар, ага ылайык товарлар Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлөт;

- жиберген өлкө жана транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтар;

- товарларды жана транспорт каражаттарын жиберүүчү жана алуучу жөнүндө маалыматтар.

Товарларды жана транспорт каражаттарын декларациялоо үчүн кошумча түрдө төмөнкүдөй маалыматтар берилет;

- товарларды маркировкалоо жана таңгактоо жөнүндө маалыматтар;

- өткөрүлүүчү товарлардын бажылык наркы жөнүндө маалыматтар;

- товарлардын чыккан өлкөсү жөнүндө маалыматтар;

- билдирилген бажылык режим жөнүндө маалыматтар.

3. Бажы органынын кызмат адамы тышкы экономикалык иш-аракеттин (мындан ары - ТЭИ) катышуучусу (декларанты) жөнүндө маалыматтарды (мындан ары - маалымат) түзөт.

ТЭИнин катышуучусу жөнүндө маалымат товарды бажылык тариздөө -башталганга чейин же ошол учурда электрондук түрдө жана кагаз булактарына түзүлөт.

6. Тышкы экономикалык иштин катышуучусу маалымат түзүү үчүн тышкы экономикалык иштин катышуучусу жөнүндө зарыл маалыматтарды камтыган белгиленген үлгүдөгү билдирмени бажы органына берет (№ 10 тиркеме). Тышкы экономикалык иштин катышуучусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билдирмеде камтылуучу берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат. Билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтарда өзгөртүүлөр пайда болгон учурда тышкы экономикалык иштин катышуучусу жаңыланган маалыматтар менен билдирмени 10 жумуш күнүнөн кечиктирбестен бажы органына берет. Билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтар тышкы экономикалык иштин катышуучусу тарабынан документтердин түп нускасын берүү менен ырасталышы мүмкүн.

6-1. Экспорттун бажы режиминде бажылык тариздөө үчүн тышкы экономикалык иштин катышуучулары тарабынан документтердин төмөнкү формалары колдонулат:

- инвойс (эсеп-фактура);

- ташып жеткирүүнүн ыкмаларына жараша товардык-транспорттук документтер: МДП (ТIR CARNET) китепчеси, товардык-транспорттук коштомо кагазы (ТТК), эл аралык автомобилдик коштомо кагазы (CMR), авиа коштомо кагазы, эл аралык байланыштын темир жол коштомо кагазы (СМГС);

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары тарабынан алып чыгууга уруксат берүү тартиби менен белгиленген өзгөчө товарларды Кыргыз Республикасынан экспорттоого лицензия же уруксат берүү.

7. Бажылык тариздөө 6-1-пунктта көрсөтүлгөндөрдөн тышкары башка бажы режимдерин колдонуу учурунда үчүн төмөндө келтирилген тизме боюнча документтердин төмөнкүдөй формаларынын бири колдонулушу мүмкүн:



7.1. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык, чек ара аркылуу өткөрүү үчүн негиз болуп келишим (контракт) эсептелет. Келишим (контракт) жок болгон учурда өткөрүү үчүн негиз болуп төмөнкү документтердин бири болуп эсептелет:

- инвойс (эсеп-фактура);



- биржалык же бартердик бүтүм жасагандыгын, сатып алгандыгын ырастоочу документтер;

- эл аралык жана мамлекеттер аралык макулдашуулар (зарыл учурда);

- мамлекеттик органдын чечими (зарыл учурда);

- товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүүгө ташуучуга тапшырма (зарыл учурда);

- бажылык операцияларды жасоого адамдардын ыйгарым укуктарын ырастоочу документтер (декларанттын паспортунун көчүрмөсү; ишеним кат же кат) түп нускасында же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүндө берилет;

- белекке, мурастоо укугуна берилген, ээлик кылуу же пайдалануу укугуна ишеним кат;

- көргөзмө-ярмаркаларга катышууга чакыруу (зарыл учурда); гуманитардык жардам берүү жөнүндө адамдын (донордун) каты (зарыл учурда);

- товарларга жана транспорт каражаттарына менчик укугун ырастоочу документтер;

- байланыштын электрондук түрлөрү аркылуу сатып алуу-сатуу (айрым учурларда).

7.3. Жеткирүү ыкмасына жараша бажылык максаттар үчүн берилүүчү товардык-транспорттук документтерге төмөнкүлөр кирет:

- коносамент - жүктү деңиз транспорту менен жеткирүүдө эл аралык накладной;

- эл аралык автомобилдик накладной (CMR) - жүктү автомобиль транспорту менен жеткирүүдө;

- товардык-транспорттук накладной (ТТН) - кээде КМШ өлкөлөрүнүн чегинде товарларды өткөрүүдө СMR дин ордуна пайдаланылат;

- МДП (TIR CARNET) китепчеси - МТП китепчесин колдонуу менен жүктөрдү эл аралык ташуу жөнүндө бажылык конвенцияны колдонуу тартиби тууралуу жобого ылайык жүктөрдү өткөрүүдө колдонулат (МДП конвенциясы, 1975-жыл);

- авианакладной (аэробил) - жүктү авиациялык транспорт менен алып келүүдө;

- эл аралык темир жол накладною (СМГС) - жүктү темир жол транспорту менен алып келүүдө;

- багаж ведомосту - жүктү почта багажы менен алып келүүдө (башка накладнойлордо болгон маалыматтарды да камтыйт);

- багаж квитанциясы - посылка же бандероль менен өткөрүлүүчү жүктөргө таризделет.

- КР Өкмөтүнүн 2009.10.02. № 98 токтомуна ылайык онунчу абзацы күчүн жоготкон

- КР Өкмөтүнүн 2009.10.02. № 98 токтомуна ылайык он биринчи абзацы күчүн жоготкон

- КР Өкмөтүнүн 2009.10.02. № 98 токтомуна ылайык он экинчи абзацы күчүн жоготкон

- почта документтери.

7.4. Товардын келип чыгышын ырастоочу документтер болуп товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат же товардын келип чыгышынын декларациясы эсептелет:

а) КМШ өлкөлөрүнүн бажылык аймагынан товарлардын келип чыгышын ырастоочу СТ-1 формасы боюнча товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат - КМШ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилет;

б) А формасы боюнча товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат - экспорттоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилет;

в) товардын келип чыгышы жөнүндө декларация - товарга тиешеси бар ар кандай коммерциялык же башка документ менен товарды даярдоочунун, сатуучунун же экспортчунун алып чыгышына байланыштуу жасалган товардын келип чыккан өлкөсү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз.

7.6. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү же болбосо бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылууну ырастоочу документтер төмөнкүдөй формалардын биринде берилиши мүмкүн:

- банктагы төлөөчүнүн эсебинен акча каражаттарын эсептен чыгаруу учурундагы банктын телом тапшырмасы;

- казыначылык милдеттенмелер;

- бажы органынын эсебине акча каражаттарын төгүүнү ырастаган документ (депозит);

- товарларды жана башка мүлктү күрөөгө коюу жөнүндө келишим;

- бажы органынын кассасына накталай акчаларды төккөн учурдагы төлөө жөнүндө квитанция;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда банктардын кепилдиктери;

- үчүнчү жактын кепилдиги;

- камсыздандыруу келишими;

- ашыкча төлөнгөн бажылык төлөмдөрдү жана салыктарды эсептөөнү ырастоочу текшерүү актысы же башка документ;

- казыналар аралык тапшырма (КАТ).

7.7. Товарлар башка мамлекеттик органдар тарабынан контролдонуу тийиш болгон учурда көрсөтүлүүчү документтерге төмөнкүлөр кирет (тарифтик эмес жөнгө салуу):

- лицензия, эгерде товар «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык лицензияланууга тийиш болсо;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана башка ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү уруксаттар, корутундулар, чечимдер;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана башка ыйгарым укуктуу органдар же даярдоочу (берүүчү) тарабынан кабыл алынган шайкештик жөнүндө декларация тарабынан берилүүчү сертификаттар.

8. Бажы органы документтердин эң аз санын талап кылуу менен чектелет, андай документтер жогоруда саналган формалардын бири боюнча берилиши мүмкүн.

7.1.-7.7-пункттарында саналган документтер бажылык декларация менен бир мезгилде берилет, буга Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 293-статьясынын 2-пункттунда айтылган учурлар кирбейт.

 

II бөлүм. Декларациялоо



 

9. Декларациялоо билдирилген бажылык режимге ылайык декларант (бажылык брокер) тарабынан бажылык тариздөөгө берилген товарларга жана транспорт каражаттарына карата документтерди берүү менен башталат. Декларациялоо белгиленген форма (жазуу, оозеки, электрондук жана конклюденттик) боюнча товарлар жана транспорт каражаттары, тандалган бажылык режим жана бажылык максаттар үчүн башка маалыматтар жөнүндө так маалыматтарды бажы органына билдирүү жолу менен жүргүзүлөт. Товарларды декларациялоо декларант же болбосо декларанттын тандоосу боюнча бажылык брокер тарабынан жүргүзүлөт.

10. Жазуу формасында декларациялоо бажы органына төмөнкү документтердин бирин берүү жолу менен жүргүзүлөт:

а) жүк бажы декларациясы, ал ТД1 жана ТД2 формаларынын бланкаларына толтурулат (мындан ары - ЖБД);

б) жеке адамдар үчүн ТД-6 бажы декларациясы (№ 2 тиркеме);

в) эркин формада түзүлгөн жазуу жүзүндөгү арыз;

г) бажылык кириш ордери (мындан ары - БКО) (№ 3 тиркеме);

д) эл аралык конвенцияларда, транспорт уставдарында жана кодекстеринде Кыргыз Республикасынын макулдашууларында жана мыйзамдарында каралган транспорт (ташуу) документтери (эл аралык товардык транспорттук накладной, темир жол накладною, аэробил);

е) КР Өкмөтүнүн 2011.27.05. № 259 токтомуна ылайык күчүн жоготкон

11. Оозеки формада декларациялоо Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө бажы органынын кызмат адамына оозеки билдирүү жолу менен жүргүзүлөт.

12. Декларациялоонун конклюденттик формасы - жеке адамдын кол жүгүндө жана коштолуучу багажында жазуу жүзүндө декларациялоого тиешелүү товарлардын жоктугу жөнүндө айгинелөөчү иш-аракеттерди жасоо.

13. Электрондук формада декларациялоо бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү же режими магниттик булактарда же маалыматтарды анын ичинде «Бирдиктүү терезе» маалыматтык тутуму аркылуу мамлекеттик органдар жана башка уюмдар тарабынан берилүүчү электрондук тастыктамалар, корутундулар жана күбөлүктөр жөнүндө кабарларды электрондук берүү жолу менен өзгөрүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтарды берүү жолу менен жүргүзүлөт. Бажы кодексинин 287-статьясына ылайык декларант же бажы брокери товарларды электрондук ыкма менен декларациялоо үчүн зарыл документтерди жана маалыматтарды берүү үчүн бажы органдарынын автоматташтырылган маалыматтык системаларына жетүү укугуна ээ болот, ал эми бажы органдары аларга милдеттүү тартипте ушундай жетүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

14. Товарды алып өтүүчү адам, ошондой эле алып өтүлүүчү товарга карата белгилүү иш-аракет жасоо боюнча ыйгарым укуктуу адам же ташуучу Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарлардын жана транспорт каражаттарынын келгендиги жөнүндө бажы органына билдирүүгө милдеттүү.

Билдирүү Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келинген же белгилүү мезгил ичинде алып келинүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө жазуу жүзүндө же электрондук формада маалыматты бажы органына берүү менен туюнтулат. Товарды ташуучу транспорт каражаттары бажы чегарасынан өтүүдө өткөрүү пункттарында аба кемелерин кошпогондо товарлар менен бир мезгилде декларацияланат.

15. Аба кемелери Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенде аэропортто бажы органына келгенден кийин үч сааттан кечиктирбестен, же болбосо Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан кетүүдө аэропортто учканга чейин жок дегенде үч саат мурда декларацияланат.

16. Бош транспорт каражаттары жана жүргүнчү ташуучу транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын бажы чегарасынан өтүүдө декларацияланат.

17. Товарларды жана жүргүнчүлөрдү эл аралык ташуу үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттары бажы органына транспорттук документтерин берүү жолу менен декларацияланат.

18. Бажы органынын кызмат адамы милдеттүү түрдө декларациялоо максатында документтерди кабыл алат, документке аларды кабыл алуу убактысын (күнү, сааты, мүнөтү) белгилейт жана декларацияланган товарлар менен андан аркы иш-аракеттер боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө бажы органынын кызмат адамынын аты-жөнүн жазуу менен белги коёт, анын колу жана өздүк номерлүү мөөрү менен күбөлөндүрөт. Документтер электрондук түрдө берилген учурда алар алынган убакыт жана бажы органынын маалыматтык базасындагы жай белгиленет, маалыматтык базанын белгилүү талаачаларына документти аткарууга кабыл алган бажы органынын кызмат адамы жөнүндө (фамилия, номерлүү моор) маалымат коюлат. Аларды кабыл алууну тариздеген учурдан тартып алар юридикалык мааниси бар фактыларды күбөлөндүрүүчү документ болуп калат.

19. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келинүүчү товарларга бажылык декларация Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алар алып келинген жерде бажы органы тарабынан товарлар берилген күндөн тартып 15 күндөн кечиктирилбестен же эгерде товарларды декларациялоо алар келген жерде жүргүзүлсө ички бажылык транзит аяктаган күндөн тартып берилет, буга Бажы кодексинин 196, 204-статьяларында каралган учурлар кирбейт.

Айрым документтер бажылык декларация менен бир мезгилде берилиши мүмкүн болбогон учурларда мындай документтерди аларды алуу үчүн зарыл болгон мөөнөттө, бирок Бажы кодексинде айрым документтерди жана маалыматтарды берүү үчүн башкача мөөнөт каралбаса бажы декларациясын кабыл алгандан кийин 45 күндөн кечиктирбестен берүүгө жол берилет.

Декларанттын жүйөөлүү кайрылуусу боюнча бажы органы товарларды убактылуу сактоо мөөнөтүнөн ашпоочу (2 ай) мөөнөткө декларация берүүнү узартат.

Кыргыз Республикасынын бажы аймагына бажы эрежелерин бузуу менен ташылып келген товарларга бажы декларациясы жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө соттун же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын) чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып же болбосо жоопкерчиликтен бошотуу же бажы эрежелерин бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотуу тууралу соттун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын) чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып отуз календарлык күндүн ичинде берилет.

20. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен чыгарылуучу товарларга бажы декларациясы аларды иш жүзүндө алып чыкканга чейин берилет.

21. Бажы декларациясы чет өлкөлүк товарларга карата алар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенге чейин берилиши мүмкүн. Бажы декларациясын берүүдө жана товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенге чейин аны текшерүүнү аяктоодо бажы декларациясы алдын алуучу операциялар товарларына жана башка бажылык жол-жоболорго колдонуу үчүн зарыл болгон бирден бир документ катары пайдаланылышы мүмкүн.

22. Бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды өзгөртүүгө жана толуктоого декларанттын кайрылуусун алуу учурунда бул жөнүндө бажы декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтардын ишенимсиздигин бажы органы аныктай албаган же товарларды текшерүүнү баштай элек шартта жол берилет.

23. Бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына карата документтерди, бажы декларациясын берүү фактысы белгиленген тартипте бажы органынын кызмат адамы тарабынан аларды берүүнү каттаган күнү белгиленет.

24. Бажы аймагына товарлардын келиши, декларациялоо, товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө жөнүндө билдирүүдө маалыматтарды берүү фактысы мындай маалыматтарды бажы органынын электрондук почтасынын расмий дарегине алуу же маалыматтарды расмий почта байланышы каналдары боюнча жиберүү фактысы болуп эсептелиши мүмкүн.

25. Бажылык тариздөө өндүрүшү жөнүндө же бажылык тариздөөдөн баш тартуу же документтерди кабыл алуу жөнүндө бажы органынын чечими арызды кабыл алган же бардык зарыл документтерди берген учурдан тартып кийинки күндөн кечиктирилбестен кабыл алынууга тийиш.

26. Эгерде бажы декларациясында товарлар жөнүндө маалыматтар (товарлардын саны, бажылык нарк жөнүндө маалыматтар), ошондой транспорт каражаттары жана чыгарылган товарлар багытталган өлкө жөнүндө маалыматтар так билдирилиши мүмкүн эмес болсо убактылуу жүк бажы декларациясы (мындан ары - УЖБД), толук эмес жүк бажы декларациясы (мындан ары - ТЖБД) жана мезгилдүү жүк бажы «декларациясы (мындан ары - МЖБД) колдонуу менен декларациялоо тартиби кабыл алынышы мүмкүн.

27. УЖБД, ТЖБД, МЖБДны колдонуу менен декларациялоо тартибин колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү чечим иш-аракетинин регионунда жөнөтүүчү турган бажыкана (Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан товарларды алып чыгууда) же товар алуучу (Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарларды алып келүүдө) тарабынан кабыл алынат.

28. УЖБД, ТЖБД, МЖБДны колдонуу менен декларациялоо тартибин колдонууга бажы органы тарабынан чечим кабыл алуу үчүн бажылык брокер же товарларды алып өтүүчү адам бажы органына эркин формада түзүлгөн жазуу жүзүндөгү арыз берет.

29. Арызда төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек:

а) арыз берүүчү жөнүндө (анын уюштуруучулук-укуктук формасына көрсөтүүнү камтуучу аталышы, уюштуруу документтерине ылайык жайгашкан жери, иш жүзүндөгү дареги, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери, ОКПО коду, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН), ал эми эгерде товарларды декларациялоо бажы брокери тарабынан жүргүзүлсө бажылык брокер катары иш-аракет жүргүзүүгө бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү жаагында иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизилген номери жана күнү, ошондой эле берилген адам менен түзүлгөн келишимдин номери жана датасы кошумча көрсөтүлөт;

б) товарларды декларациялоонун суралган тартиби жөнүндө;

в) тышкы соода келишимдери жана ташылуучу товарлар жөнүндө негизги маалыматтар;

г) эгерде товарлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензияланууга жана (же) башка ыйгарым укуктуу органдардын контролдоосуна тийиш болсо лицензиялардын, уруксаттардын, сертификаттардын жана башка документтердин номери жана берилген датасы;

д) ал аркылуу товарларды алып келүү же алып чыгуу жүргүзүлүүчү Кыргыз Республикасынын бажы чегарасындагы өткөрүү пункттары жөнүндө (эгерде арыз берген учурда алар жөнүндө маалыматтарды так көрсөтүү мүмкүн эмес болсо болжол менен көрсөтүлүшү мүмкүн).

Арызда ошондой эле УЖБД, ТЖБД, МЖБДны колдонуу менен декларациялоону колдонуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн бажы органы тарабынан пайдаланылышы мүмкүн болгон башка маалыматтар да көрсөтүлүшү мүмкүн.

Ошол эле учурда арыз менен кошо бажы органына арызда ал жөнүндө маалымат көрсөтүлгөн документтер берилет.

30. Документтер түп нуска жана белгиленген тартипке ылайык күбөлөндүрүлгөн көчүрмө түрүндө берилет.

Документтердин көчүрмөлөрү алардын түп нускаларына ылайык келишин текшергенден кийин документтер арыз ээсине кайтарылып берилет, буга түп нускасында бажы органына берилүүгө тийиш болгон документтер кирбейт.

31. Берилген арыз боюнча бажы органынын чечими арызды кабыл алган жана чечим кабыл алуу үчүн бардык зарыл документтерди берген күндөн тартып кийинки күндөн кечиктирилбестен кабыл алынууга тийиш. УЖБД, ТЖБД, МЖБДны колдонуу менен декларациялоо тартибин колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө баш тартуу тууралуу бажы органы арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирет.

32. УЖБДны колдонуу менен декларациялоо жол-жобосу төмөнкүлөрдү алып чыгууда колдонулат:

а) түтүк транспортун же болбосо электр берүү линиясын пайдалануу менен товарларды;

б) ЖБДны берүү датасына карата товарлардын санын, номенклатурасын, сапатын жана алардын бажылык наркын аныктоо үчүн так маалыматтар жок болгон башка учурда.

33. УЖБД товарды берүү мөөнөтүнүн ичинде декларант тарабынан бажы органына берилет. УЖБД менен бир мезгилде бажылык тариздөө жана билдирилген режимге ылайык бажылык контроль жүргүзүү өндүрүшү үчүн зарыл документтер жана маалыматтар берилет.

34. Ар бир конкреттүү учурда алып чыгуу мезгили УЖБДны берүүгө бажы органынын жазуу жүзүндөгү чечиминде айтылат. Бул учурда берүү мезгили деп ай, квартал, жарым жылдык эсептелиши мүмкүн.

35. УЖБД төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен билдирилген бажылык режимге карата колдонулуучу ЖБДны толтуруу эрежесине ылайык толтурулат:

а) «Декларация тиби» деген 1-графанын үчүнчү бөлүмчөсүндө тамга индекси «УД» - «убактылуу декларация» көрсөтүлөт;

б) транспорттук документтердин номерин жана датасын көрсөтпөстөн товарлардын пландалган саны көрсөтүлөт;

в) товардын санына жана сапатына жараша болуучу жана УЖБДа билдирилүүгө тийиш башка маалыматтар берилүүгө тийиш товарлардын пландалган санын эске алуу менен болжолдуу көрсөтүлөт;

г) товарлардын наркы сатып алуу-сатуунун тышкы соодалык бүтүмүнүн баасын эске алуу менен декларант тарабынан билдирилет. Эгерде контрактта (келишимде) товардын белгиленген (так, акыркы) баасы жок болсо жана аны аныктоо шарты гана белгиленсе (мисалы, товарды сатуу датасына карата биржалык котировкалоо же белгилүү датага карата бааны эсептөө формуласынын негизинде), ошондой эле УЖБДны берүү датасына карата чыгарылуучу товарлардын сапаты же саны жөнүндө так маалымат жок болсо, анда чыгарылуучу/алып келинүүчү товарды шарттуу (убактылуу) баалоо үчүн контрактта белгиленген алдын ала (болжолдуу) баа, же болбосо контрактта белгиленген эсептөөнүн шарттарына ылайык УЖБДны берүү датасына карата аныкталган эсептик баа пайдаланылат.

Мындай эсептөөлөрдү жүргүзүү мүмкүн эмес болгон учурда чыгарылуучу/алып келинүүчү товарды шарттуу (убактылуу) баалоону бажы органынын тескөөсүндө болгон баа маалыматынын негизинде жүргүзүүгө болот;

д) «жүк документтери жана товарлардын баяндамасы» деген 31-графада декларант тарабынан мезгилди көрсөтүү менен «... мезгил ичинде берүү» деген кошумча жазуу коюлат.

36. Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу товарлардын билдирилген партиясын алып өтүү УЖБДда көрсөтүлгөн мезгил ичинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

37. Берилген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар туура келген учурда жөнөтүүчү бажы органынын кызмат адамы тарабынан транспорттук жана товарларды коштоочу документтерге УЖБДнын номерин жана товарлар чыгарылган датасын көрсөтүү менен «Чыгарууга уруксат берилди» деген жазуу жазылат (же штамп коюлат), ал бажы органынын кызмат адамынын колу жана өздүк номерлүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

38. УЖБД баракчаларын бөлүштүрүү төмөнкүчө жүргүзүлөт:

а) биринчи жана экинчи барактар бажылык тариздөө жүргүзүлгөн бажы органында калат;

б) үчүнчү барак декларанта берилет;

в) төртүнчүсү ташуучуга берүү үчүн декларантка кайтарылып берилет жана товарларды ташууга уруксат болуп эсептелет.

39. Билдирилген мезгил ичинде товарларды иш жүзүндө чыгаруу ишке ашырылбай калган учурда УЖБД боюнча ташуу, убактылуу жүк бажы декларациясы кайра сурап алынышы керек жана жок кылынууга тийиш. УЖБДны жок кылуу, ошондой эле бажы штамптарынын, мөөрлөрүнүн оттисктерин жана жазууларын жок кылуу УЖБДнын «С» графасында «Жок кылынды» деген жазуу жана аларды чийип салуу жолу менен берүү жүргүзүлбөгөндүгү жөнүндө ташуучунун документтик ырастоосунан кийин жүргүзүлөт, ал бажылык тариздөөнү жүргүзгөн бажы органынын кызмат адамынын колу жана өздүк номерлүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

40. Декларанттагы УЖБДнын нускасы, бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлгөн жазуусу, бажылык мөөрдүн, штамптардын оттиски бар ушундай товарларга транспорттук жана товарларды коштоочу документтер, ошондой эле жеткирилбей калуунун себеби, алып келинген (чыгарылган) товардын иш жүзүндөгү саны жөнүндө экспортёрдун (импортёрдун) жазуу жүзүндөгү түшүнүк каты декларант тарабынан бажы органына толук ЖБНы мөөнөтүндө берүү менен бир мезгилде же ага чейин берилет.

41. УЖБДда билдирилген товарлардын партиясын алып чыккандан 15 күндөн кечиктирбей же билдирилген партияны алып чыгуу мезгилинде декларант УЖБДда билдирилген товарларды бажылык тариздөөнү жүргүзгөн бажы органына толук жүк бажы декларациясын (мындан ары - ЖБД) берет.

42. Алып чыгуу мөөнөтүнүн аякташы кабыл алуу текшерүү актысын же болбосо берилген товардын санын аныктоо үчүн пайдаланылуучу жана ташуучу тарабынан таризделүүчү (мындан ары - транспорттук документтер) же бүткүл партияны алып чыкпаган учурда - берүү мөөнөтү бүткөн учурдан тартып толук партияга башка документти тариздеген күндөн тартып эсептелет.

43. Эгерде декларациялануучу партияга ырааты менен бир нече транспорттук документ түзүлгөн учурда алып чыгууну аяктоо мөөнөтү акыркы документти тариздеген күндөн тартып эсептелет.

44. Толук ЖБДны берүүдө бажылык тариздөө үчүн бардык зарыл документтерди берүү милдеттүү.

Бул учурда толук ЖБД төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен толтурулат:

а) «Жалпы декларация/мурдагы документ» деген 40-графада УЖБДнын маалыматтык номери көрсөтүлөт;

б) «Бажылык контроль» деген Д графасында бажы органынын кызмат адамы транспорттук документтин датасын кошумча коёт же болбосо товарды берүү жүргүзүлгөн акыркы айдын күнүн көрсөтөт. Бул жазуу бажы органынын кызмат адамынын колу менен күбөлөндүрүлөт.

45. Декларациялоо УЖБДны берүү жолу менен жүргүзүлүүчү товарларга карата экономикалык саясат жана чектөөлөр чараларын сактоо Кыргыз Республикасынын валютасында чет өлкөлүк валютаны кайра эсептөөнүн курсун камтуу менен көрсөтүлгөн УЖБДны бажы органы тарабынан кабыл алынган күнгө карата колдонулуучу Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын нормаларына ылайык жүргүзүлөт.

46. УЖБДны жок кылууда товарларды бажылык тариздөө үчүн бажылык жыйымдарды кайтарып берүү жүргүзүлбөйт.

47. Контролдоо үчүн толук ЖБДны бергенге чейин УЖБДны берүү жолу менен товарларды декларациялоодо экспортёр тарабынан аны алышына жараша, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы органынын талабы боюнча ташуучулар тарабынан же көрсөтүлгөн документтер бар башка адамдар же болбосо товарлардын саны жана сапаты жөнүндө адамдар тарабынан берилген коммерциялык же транспорттук документтер колдонулат.

48. Товарларга карата ыйгарым укукка ээ адамдар бажы органынын кызмат адамынын катышуусунда товарлардын санын жана сапатын аныктоону жүргүзүүгө милдеттүү. Товарлардын санын жана алардын сапаттык курамын ырастоочу документтер бажы органына берилген товардын иш жүзүндөгү санын аныктоого түздөн-түз катышкан бажыкананын инспекторунун өздүк номерлүү мөөрү менен милдеттүү күбөлөндүрүү аркылуу толук ЖБДны берүү менен бир мезгилде бажы органына берилет.

49. Бир эле товарларды бир эле адам бажы чегарасы аркылуу дайыма алып өтүүдө белгилүү мезгил ичинде бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү бардык товарларга бир бажылык декларация берүүгө жол берилет.

50. Мезгилдүү ЖБД төмөнкүлөрдү эске алуу менен» ЖБДны толтуруу эрежелерине ылайык толтурулат:

а) 1-графанын үчүнчү бөлүмчөсүнө «МД» (мезгилдүү декларация) жазуусу коюлат;

б) 31-графада убакыт мезгилин көрсөтүү менен «Товарларды алып өтүү» деген жазуу жазылат;

в) «С» графасында күн жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт, андан кечиктирилбестен декларант тарабынан толук ЖБД берилүүгө тийиш.

51. МЖБД менен бир мезгилде бажы органына төмөнкүлөр берилет:

а) ал жөнүндө маалыматтар МЖБДда билдирилген товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөөнү ырастоочу төлөм документтери;

б) транспорттук жана товар коштоочу документтер;

в) бажы органы менен макулдашылган мөөнөттө толук ЖБДны берүү жөнүндө милдеттенме.

52. Бажы органынын кызмат адамы товар коштоочу документтерде жана МЖБДда көрсөтүлгөн маалыматтардын товарларды текшерип кароонун натыйжасына туура келишин текшерет. Транспорттук жана товар коштоочу документтердеги маалыматтар туура келгенде мезгилдүү бажылык декларациянын номерин жана товарлардын чыгарылган күнүн көрсөтүү менен «Чыгарууга уруксат. Мезгилдүү декларациялоо» деген штамп коюлат, ал аталган кызмат адамынын колу жана өздүк номерлүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

53. Мезгилдүү бажы декларациясындагы товардын санынан ашып кеткен санда товар алып келген учурда декларанттын арызы боюнча бажы төлөмдөрүн, салыктарды төлөө менен алып келинген товарлардын саны жөнүндө маалыматтарга оңдоо киргизилет. Маалыматтарга оңдоо киргизүү мурдагы мезгилдүү бажы декларациясында мурда билдирилбеген товарлар жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен МЖБД берүү формасында ишке ашырылат.

54. МЖБДда көрсөтүлгөн сандагыдан аз санда товарларды алып келүү учурунда бажылык тариздөө жүргүзүүчү бажы органы төлөөчүгө айырманы кайтарып берет же болбосо - төлөөчүнүн каалоосу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте ашыкча төлөнгөн сумманы келечектеги төлөмдөрдүн эсебине чегерет.

55. Товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына (аймагынан) алып келүүнү (алып чыгууну) жүргүзбөгөн учурда декларант мезгилдүү бажылык декларацияны кайра сурап алууга акылуу. Кайра суралып алынган декларация жок кылынууга тийиш.

56. МЖБДны колдонуу товарларды убактылуу сактоонун чектик мөөнөтүн бузууга же бажылык төлөмдөрдү, салыктарды төлөө мөөнөтүн бузууга алып келиши мүмкүн эмес.

57. Бажылык тариздөөнү аяктагандан кийин МЖБДнын үчүнчү жана төртүнчү баракчалары декларантка кайтарылып берилет.

Декларант тарабынан МЖБДнын төртүнчү баракчасынан баштап көчүрмөсү жасалууга тийиш, анын саны ал жөнүндө маалымат МЖБДда билдирилген товарлардын болжолдонгон кемитүүлөрүнүн санына туура келет, анын ар бири декларант тарабынан күбөлөндүрүлөт.

58. Товарларды транспорттук каражатка жүктөгөндөн кийин декларант тарабынан тиешелүү графага транспорт каражаттары, транспорттук жана товар коштоочу документтердин номерлери жөнүндө маалыматтар киргизилет, 31-графада кошумча түрдө «Жөнөтүү № ___» деген жазуу түрүндө товарларды жөнөтүүнүн катар номери көрсөтүлөт. Киргизилген өзгөртүүлөр декларант тарабынан күбөлөндүрүлөт.

59. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан товарларды иш жүзүндө алып чыгууга контроль Кыргыз Республикасынын бажы чегарасында өткөрүү пункту жайгашкан анын иш-аракет жүргүзүү регионундагы бажы органы тарабынан жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен сыртка товарларды алып чыгуу чыгарылган товарлардын иш жүзүндөгү санын жана алар чыгарылган күндү көрсөтүү менен МЖБДнын төртүнчү баракчасынын арткы бетине «Товар чыгарылды» деген жазууну бажы органынын кызмат адамы жазуу жолу менен ырасталат, ал бажы органынын кызмат адамынын колу жана өздүк номерлүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан иш жүзүндө чыгарылган товарлардын саны жана алар чыгарылган кун каттоо журналында белгиленет.

60. Толук ЖБДны товарларды бажылык тариздөө жүргүзүлгөн бажы органына берүү мөөнөтү бажы органы тарабынан товарларды берген күндөн тартып 15 күндөн ашпоого тийиш.

61. Толук ЖБД төмөнкүлөрдү эске алуу менен ЖБДны толтуруу эрежесине ылайык толтурулат:

а) 40-графада МЖБДнын номери көрсөтүлөт;

б) 31-графада толук ЖБД берилүүчү убакыт мезгилинин башталышын жана бүтүшүн көрсөтүү менен «Товарларды жылдыруу» деген жазуу жазылат.

Толук ЖБДда билдирилген маалыматтарды текшерүүдө мезгилдүү ЖБДнын төртүнчү баракчасынын көчүрмөсү кошумча пайдаланылышы мүмкүн.

62. Тышкы сооданын бажылык статистикасында толук жүк бажы декларациясы гана эске алынат.

63. Эгерде декларантта өзүнө көз карандысыз себептер боюнча бажы декларациясына толтуруу үчүн бардык зарыл болгон маалыматтар жок болсо товарларды чыгаруу үчүн зарыл болгон маалыматтар анда билдирилген шартта МЖБДны берүүгө уруксат берилет.

64. Декларант бажы органы тарабынан белгиленген мөөнөттө жетишпеген маалыматтарды берүүгө милдеттенме алат, ал эгерде айрым маалыматтарды берүү үчүн башка мөөнөт Бажы кодексинде каралбаса бажы органы тарабынан ТЖБДны кабыл алган күндөн тартып 45 күндөн ашпоого тийиш.

65. ТЖБД Кыргыз Республикасынын нормативдик актылары менен белгиленген ЖБДны кабыл алууда жана каттоодо талаптарга ылайык бажы органы тарабынан кабыл алынат жана катталат.

66. ТЖБД төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен товарларды декларациялоодо ЖБДны толтуруу эрежелерине ылайык толтурулат: 1-графанын үчүнчү бөлүмчөсүндө «ТД» (толук эмес декларация) деген белги коюлат.

Товарлар ташылуучу транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтар көрсөтүлбөшү да мүмкүн, ал эми товарлар багытталган өлкө жана алардын алуучулары жөнүндө ТЖБДны берүү күнүнө карата декларантта болгон маалыматтардын негизинде болжолдуу көрсөтүлүшү мүмкүн.

ТЖБД менен бир мезгилде бажы органына төмөнкүлөр берилет:

а) ТЖБДца ал жөнүндө маалыматтар билдирилген кабарларга карата бажы төлөмдөрү төлөнгөнүн ырастоочу төлөм документтери;

б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажылык максаттар үчүн зарыл болгон башка документтер.

67. Бажы органынын кызмат адамы товар коштоочу документтерде жана ТЖБДда көрсөтүлгөн маалыматтардын товарларды текшерип кароо натыйжаларына туура келишин текшерет. Транспорттук жана товар коштоочу документтердеги маалыматтар туура келгенде ТЖБДга жетишпеген маалыматтардын берилген датасын көрсөтүү менен «Шарттуу түрдө... чейин чыгарылды» деген жазуу жазылат, ал аталган кызмат адамынын колу жана өздүк номерлүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

Жетишпеген маалыматтар эркин формада түзүлгөн жазуу жүзүндөгү арыз түрүндө берилет, анда ТЖБДнын номери жана ТЖБДнын графаларынын номерин көрсөтүү менен жетишпеген маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш. Арыз эки нускада декларант тарабынан кол коюлат жана берилет, ага бажы органынын кызмат адамы тарабынан кабыл алынгандыгы жөнүндө колу жана өздүк номерлүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн күнүн көрсөтүү менен белги коюлат, ошондон кийин арыздын бир нускасы декларантка кайтарылып берилет. Арыз ТЖБДга тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.

68. Бардык жетишпеген маалыматтар берилгенден кийин бул маалыматтар ТЖБДнын «С» графасына киргизилет, колу жана өздүк жекече мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн күндү көрсөтүү менен «Чыгарууга уруксат» деген штамп коюлат.

69. Бажылык статистикада ТЖБД эске алынат.

70. Товарларды алып чыгуу/алып келүү иш жүзүндө ишке ашырылбаган учурда берилген ТЖБД жок кылынууга тийиш.

 



Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4


©kzref.org 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет