А. Э. Абдыкеримова Экспрессема жана анын табияты



жүктеу 160.82 Kb.
Дата13.04.2019
өлшемі160.82 Kb.

УДК 4:494.3:808

А.Э.Абдыкеримова


Экспрессема жана анын табияты
Макалада поэтикалык тилдин негизги бирдиги болгон экспрессеманын жалпы табиятына жана анын кºркºм чыгармадагы функционалдык ºзгºчºл¿ктºр¿нº байланыштуу маселелер талдоого алынган

Кºркºм сºз, анын структурасы менен табияты, кºркºм тексттеги орду жана ролуна байланышкан маселелерди теориялык планда гана сыпаттоо сºзд¿н поэтикасына тиешел¿¿ проблемаларды ачып бер¿¿ ¿ч¿н жетишерлик эмес. Ушуга байланыштуу, бул макалада кºркºм адабияттын материалдарынын негизинде сºзд¿н поэтикалык ºзгºчºл¿ктºр¿н ачып бер¿¿ аракети жасалмакчы. Белгилей кет¿¿ч¿ жагдай, «сºз» деген т¿ш¿н¿к ºтº ке¢ири мааниге ээ болуп, кадыресе тилдин лексика-семантикалык бирдигин да, поэтикалык тилдин негизги семантика-структуралык бирдигин да туюндургандыктан, кºркºм сºзд¿н, башкача айтканда, ички формага, кºп маанил¿¿л¿ккº, образдуулукка, ºзгºрмºл¿¿л¿ккº ээ болгон сºзд¿н тилдеги чыгармачылык аспектисин тагыраак кºрсºт¿¿ максатында шарттуу т¿рдº «экспрессема» терминин колдонуу талапка ылайык. Азыркы тил илими жана адабият таанууда анча ке¢ири колдонулбагандыктан, акын-жазуучуларга, окурмандарга, кºпч¿л¿к окумуштууларга бейтааныш сезилсе да, «экспрессема» термин-т¿ш¿н¿г¿ поэтикалык тилдин бирдиктерин бºл¿п кºрсºт¿¿ ¿ч¿н советтик филологияда 60-70-жж. бери В.П.Григорьев, В.Г.Костомаров, М.Н.Кожина, М.Б.Борисова, О.В.Загоровская сыяктуу окумуштуулардын эмгектеринде пайдаланылып келе жатат. Мисалы, В.Г.Костомаров экспрессеманы экспрессиянын бирдиги катары карап, контекстте кºркºмд¿к к¿чкº ээ болгон сºз гана экспрессема боло алат дейт (Костомаров 1971, 81). Ал эми М.Б.Борисова кºркºм тексттеги ар бир сºзд¿ экспрессема деп эсептейт. В.П.Григорьев болсо «экспрессема» термининин маанисин ж¿йºлºº ¿ч¿н орус тилиндеги экспрессия – кºркºмд¿к (выразительность) жана латын тилиндеги epхressioтуюндуруу (выражение) деген т¿ш¿н¿ктºрд¿ катар алган. Бул окумуштуунун пикири боюнча, «экспрессема катары каралган сºзд¿н мазмундук структурасында, баарынан мурда, туюндуруунун спецификалык планы маанил¿¿ болуп эсептелет» (Григорьев 1979, 138). В.П.Григорьевдин «экспрессемасы» менен О.В.Загоровскаянын «экспрессемасы» окшош аныктамага ээ: «Экспрессема – компоненттери так аныкталган татаал структуралык кºпт¿к… Эстетикалык реализацияда сºзд¿к бирдиктердин семантикалык структурасы трансформацияланып, лексема экспрессемага айланат» (Загоровская 1975, 91). Демек, экспрессема – тилдеги даяр кºр¿н¿ш, ошол эле учурда чыгармачылыктын материалы жана куралы да болот. Ал ºз¿ндºг¿ лингвистикалык жана эстетикалык белгилердин ºз ара карым-катышынын натыйжасында жалпы менен ºзгºчºн¿н, типт¿¿ менен индивидуалдуунун, материалдуу менен идеалдуунун, форма менен мазмундун биримдиги катары каралат. Экспрессеманын ички парадигмасы (маанилер жана образдардын кºп т¿рд¿¿л¿г¿) синтагматикалуу (контексттердин парадигмасы) жана эпидигматикалуу (фонетикалык жана лексика-грамматикалык жактан бекемделген ассоциативдик талаа). Же, жалпы алганда, поэтикалык тилдин негизги бирдиги болгон экспрессема ошол сºзд¿ колдонуу контексттеринин маданий-тарыхый парадигмасы болуп эсептелет. Экспрессема – элементтердин кокустан уюшулган жыйындысы эмес, иретке келтирилип, тартипке салынган кºпт¿г¿. Бул элементтер бири-бири менен мыйзам ченемд¿¿ т¿рдºг¿ байланышта же оппозицияда болушу м¿мк¿н. Элементтердин ортосундагы байланыш да бир т¿рд¿¿ жана бирдей ºлчºмдº болбойт. Элементардуу диахрониялык иретт¿¿л¿к, удаалаштык менен катар семантикалык, позициялык-синтаксистик, стилистикалык, паронимдик карым-катыш, байланыш орун алат. Экспрессеманын структурасы – бул аны колдонуунун эстетикалык мааниге ээ болгон контексттеринин хронологиялык удаалаштыгы эмес, поэтикалык тилдин ºн¿г¿¿ спецификасын чагылдырган контексттердин татаал интерсубьектилик б¿т¿нд¿г¿. Ошондуктан тигил же бул экспрессеманы ке¢ири планда, ар тараптуу иликтеп-с¿рºттºº жеке эле поэтиканын алкагындагы эмес, ал экспрессеманын кепте жашоо жана колдонуу ºзгºчºл¿ктºр¿н кºрсºт¿¿ч¿ социолингвистикалык жана психолингвистикалык м¿нºздºг¿ суроолорго жооп бер¿¿гº шарт т¿зºт.

Ал эми кºркºм сºзд¿ же экспрессеманы колдонуу контексттерин тандоо ¿ч¿н негизги материал катары кºркºм адабияттын поэзия жанрын, башкача айтканда, ыр т¿р¿ндºг¿ чыгармаларды алуу талапка ылайык. Себеби ыр – таанып-бил¿¿н¿н, туюндуруунун жана коммуникациянын татаал формасы деп эсептелип, ырдын тили да ºзгºчºл¿г¿ жана татаалдыгы менен айырмаланат; образдык каражаттар прозалык тексттерге караганда ыр т¿р¿ндºг¿ тексттерде ке¢ири колдонулат. Бул айырмачылык ыр жана проза т¿р¿ндºг¿ тексттердин т¿рд¿¿ функционалдык-эстетикалык багыты жана мааниси менен шартталган. Прозалык жана драмалык чыгармаларда деле баштапкы жана негизги материал сºз болгону менен, чыгарманын структурасын окуялар, кºр¿н¿штºр, каармандар т¿зºт. Проза менен драмада ойдон чыгарылган (мнимая) реалдуулук чагылдырылат, ошондуктан окурмандын эстетикалык кабыл алуусу сºзд¿н ºз¿нº эмес, сºздºр менен белгиленген ойдон чыгарылган реалдуулуктун динамикасына багытталат. Ушул себепт¿¿, кºркºм адабияттын бул эки т¿р¿нº тиешел¿¿ чыгармаларды кайра айтып бер¿¿гº м¿мк¿нч¿л¿к бар. Ал эми ырда «негизги структуралык роль сºздºрд¿н ºз¿нº, туюндуруунун кайталангыс жеке формасына, сºз менен ассоциацияланган аффектилерге таандык» (Виноградов 1963, 180-181), ошондуктан ырды кайра айтып бер¿¿ м¿мк¿н эмес, аны т¿ш¿нд¿р¿п, чечмелеп бер¿¿ керек. Анын себеби ырдын образдуу каражаттардын колдонулуш жана структуралык т¿з¿л¿ш ºзгºчºл¿ктºр¿ менен шартталган спецификасында. «Поэзия тилдин бардык де¢гээлдериндеги конститутивдик элементтерди - айырмалоочу белгилерден тартып б¿т¿ндºй тексттин композициясына чейин – кºрсºт¿п бере алат. Тилдин ар т¿рд¿¿ де¢гэээлдериндеги белгилººч¿ менен белгилен¿¿ч¿н¿н ортосундагы байланыш ыр т¿р¿ндºг¿ текстте ºзгºчº мааниге ээ болуп, поэтикалык функциянын интровертивдик м¿нºз¿ ºз¿н¿н апогейине жетет» (Якобсон 1987, 83). Тексттин бардык т¿р¿ сыяктуу эле ыр т¿р¿ндºг¿ текст жана анын тилдик каражаттары да – система, болгондо да поэтикалык туюндуруунун белгил¿¿ бир каражаттары менен элементтеринин катар жашоосунун, ºз ара аракеттен¿¿с¿н¿н, карым-катышынын жана динамикалык удаалаштыгынын негизинде уюшулган туруктуу, аякталган, туюк система. Ошондуктан ырдын структуралык касиеттерин математикалык жана статистикалык жактан интерпретациялоо да о¢оюраак. Анын ¿ст¿нº, ырда сºзд¿к материал тыбыштык формасы боюнча иретке салынат, башкача айтканда, метрикалык композиция орун алат; ырдагы сºздºрд¿н тандалып алынышы жана байланышы эстетикалык эрежелерге баш иет. Жакшы ыр – мазмундуу, эмоционалдуу жана формалдуу элементтердин татаал структуралык биримдиги. Анын баары чогу алынганда, эстетикалык мааниге ээ болот. Ошол себептен ырда поэтикалуулуктун спецификалык касиеттери ºзгºчº даана, толук байкалып, абдан эмоционалдуу м¿нºзгº ээ болот да, окурмандын а¢-сезимине, ой-ж¿г¿рт¿¿с¿нº тере¢ирээк таасир тийгизет. М.М.Бахтиндин сºз¿ менен алганда: «Тил поэзияда гана ºз¿н¿н бардык м¿мк¿нч¿л¿ктºр¿н ача алат, анткени ага коюлган талаптар максималдуу м¿нºзгº ээ: тилдин бардык тарабы акыркы чектерине чейин чы¢алууда болот; поэзия тилдин болгон ширесин сыртка чыгарат» (Бахтин 1975, 56). Ошондуктан поэтикалык тилдин, кºркºм сºзд¿н поэтикасынын ºзгºчºл¿г¿н чагылдыруу-т¿ш¿нд¿р¿¿ ¿ч¿н бир кыйла кºрсºтмºл¿¿ жана бай материал болуп поэзия же ыр т¿р¿ндºг¿ чыгармалар эсептелет.

Поэтикалык тилдин негизги бирдиги болгон кºркºм сºзд¿н, тактап айтканда, экспрессеманын маанилик-структуралык составына байланыштуу маселелерди бир сºзд¿н мисалында чагылдырып бер¿¿ о¢тойлуураак. Андай сºзд¿ тандап алуу тºмºнк¿дºй критерийлер боюнча ж¿рг¿з¿лгºн¿ талапка ылайык деп табылды:



  1. азыркы поэзияда жыш кездеш¿¿с¿;

  2. ички формага ээ болуусу;

  3. ар т¿рд¿¿ жана татаал м¿нºздºг¿ ºзгºрмºл¿¿л¿к касиетине ээ болуусу;

  4. валентт¿¿л¿г¿;

  5. номинативдик маанисинин т¿ш¿н¿кт¿¿л¿г¿.

Кыргыз поэзиясынын материалдарын талдоодо жогорудагы критерийлерге жооп бере турган экспрессемалардын саны бир топ экени айкын болду: «к¿н», «жаз», «жамгыр», «жел», «шамал», «г¿л» ж.б. Булардын арасынан «шамал» деген экспрессемага токтолууну ылайык кºрд¿к. Шамал экспрессемасын азыркы поэтикалык тилде м¿нºздººч¿ контексттер парадигмасын поэзияда кºп колдонулган традициялуу мисалдар т¿зºт. Алардын айрымдары негизги контексттик фондго кирсе, айрымдары анчалык чо¢ эстетикалык мааниге ээ болбой калышы да ыктымал. Себеби контексттер фонду кыргыз поэзиясынын ондогон жылдар ичиндеги ºн¿г¿ш процессинен тандалып алынгандыгын эске алуу керек. Ошентсе да, шамал экспрессемасынын структурасы ачык бойдон калат, себеби: 1) адабияттын (поэзиянын) мындан кийинки ºн¿г¿¿ тарыхында аталган экспрессеманы колдонуу контексттеринин парадигмасы ºс¿¿ тенденциясына ээ болот; 2) тандалып алынган материалдын алкагына кыргыз поэзиясындагы бардык контексттер киргизилген жок. Бул материалдарды талдоо, анализдºº менен, кыргыз поэзиясында шамал экспрессемасы тºмºнк¿дºй негизги колдонулуштарга ээ экендигин кºрсºт¿¿гº болот:

А. Жандандыруу (олицетворение).

Шамал экспрессемасы поэтикалык чыгармаларда т¿з номинативдик маанисиндей табият кубулушу эмес, жандуу нерсе катары кабылданган образдарды жаратуу касиетине ээ. Шамалдын жандануусу тºмºнк¿дºй учурларда ишке ашырылган:


1) экспрессема каратма сºз катары колдонулганда: Таза шамал, жерден курут/Сур булуттан озунуп (А.Т., 106); їйлº, шамал, алга жылып… (А.Т., 101); Кымбатыма алдым жасанып/ Шамал, шамал, бузба чачымды (А.Узакова «С¿йлºш¿¿») ж.б.;

2) экспрессема жандуу заттарга м¿нºзд¿¿ кыймыл- аракетти билдир¿¿ч¿ этиштер менен айкашып келгенде: Козголтуп ºс¿мд¿кт¿ чыккан к¿¿с¿/Эрмектеп аскаларын шамал чертет (Ж.Б., 51); А¢гыча шымаланып шамал келди/Айырып, ¿з¿п-жулкуп теребелди (О.С., 106); їшк¿р¿п, ¿й¿п шамал, к¿й¿п шамал…(М., 79); К¿¢к¿лдºп арттан шамал из жашырат/Дегенсип: «Мен даярмын, азыр таксыр» (М.А., 75); Мен ºз¿мд¿ арестанттай айдагам/Шамал беттен каарданып урса да (А.Т., 111); Боз кыроодой айдын муздак жарыгы/Жерди каптап бийлеп ж¿рºт шок шамал (Т.Закирова «Т¿н с¿рºт¿»); Шамал гана ж¿рºт жалгыз озондоп/Сени кошо салып т¿рк¿н санаага (С.Э., 91); Шаар ичин кыдырып шамал ж¿рºт/Куюн ойнойт ээн калган эски бакта (Ж.М., 51); Сапырып ойду тынчыбас/Ыр сурайт шамал бир сабак (М.Жуманова «Боз туман болуп ча¢ учат…»); Ак булутту шамал кыйнады/Ачуу бугун ичке жыйнады (К.Ж., 85); Cен эмне булутсу¢бу?/Шамал чертсе, тºрт тарапка желип кеткен? (Т.К., 7); Эскирген Саалакундун дарбазасы/Шамалдан башка эч бир жан кирип-чыкпайт (О.С., 1996, 51) ж.б. Акыркы мисалдагы «башка эч бир жан» деген сºз айкашы сºз шамалдын жандануусун ого бетер к¿чºт¿¿ч¿ функция аткарган;



3) жалпылагыч сºздºн кийин чечмелºº маанисинде колдонулган бир º¢чºй м¿чºлºрд¿н бири катары кызмат аткарганда: Ааламдын эки дººс¿ – шамал, де¢из/Бири-бирин жыга албас алы жетип (Р.Ш., 193); Ырларымды желге сынатам/Сынчыларым – шамал, бороондор (Р.Рыскулов «Ырларымды желге сынатам…») ж.б.

Б. Экспрессема менен колдонулган эпитеттер.

Кыргыз поэзиясында шамал экспрессемасына колдонулган эпитеттердин алкагы ºтº ке¢ири жана ар т¿рд¿¿. Экспрессеманын улам жа¢ы маанисин ачып бер¿¿ч¿ эпитет катары зат атоочтор, сын атоочтор, этиштин атоочтук формалары, ажырагыс тизмектер пайдаланылган. Шамалга карата алынган эпитеттердин ºтº ке¢ири д¿йнºс¿н акын Т.Кожомбердиевдин чыгармаларынан алынган контексттердин мисалында байкоого болот: К¿нд¿н табы к¿ж¿рмºнд¿ тердетет/К¿л¿к шамал кайра сылап желдетет (Т.К., 176); Дармандуу шамал менен бирге кетти/Дарактын жалгыз жашыл жалбырагы (Т.К., 249); Элпек шамал ышкырганда тез жетип/Эринбестен элеп турду калбырдай (Т.К., 165); Кырман жактан, кыядан тºмºн т¿ш¿п/Кызыл шамал кылыктуу, келет с¿з¿п (Т.К., 153); Чыйратып очок отун каргыш шамал/Чырт гана ¿зг¿с¿ бар тамырынан (Т.К., 142); Аркы-терки койлор ¿рк¿п ала¢дап/Ышкырганда ачуу шамал жала¢дап (Т.К., 109); Айлана жашын тыйбай кºз¿ кºнºк/Таш шамал бурганакка куйрук-жºлºк/Айлана жашын тыйбай кºз¿ кºнºк/Муз шамал бурганакка болду жºлºк (Т.К., ); Имерсе катуу шамал укуругун/Ийилип билериктей онтойт бактар (Т.К., 105); Удургуган шамал менен жарышып/Учту поезд ушунча кºп канаттан (Т.К., 167); Ми¢ багыттуу, ми¢ тараптуу шамалдар (Т.К., 314) ж.б.; булардан тышкары, башка мисалдарда шамал дагы тºмºнк¿дºй эпитеттер аркылуу сыпатталган: Муздак тºргº ш¿¿д¿р¿м¿н т¿нºткºн/Ичиркенткич шамал менен ырдаштым (С.Э., 237); Ызылдап ж¿р¿п ач шамал/Жер бетин бийлеп терметти (Ж.Б., 95); Жылуу шамал улам беттен аймалап… (К.А., 42); Шыргала¢дуу шамал ж¿р¿п аркырап/Кар аралаш тºкт¿ жамгыр шаркырап (О.С., 106); Ысык шамал эрксиз эске салчу эле/Бетке тийген ширендисин устанын (А.Т., 380); Бурап койсом кºкт¿н тунук шамалы/Силкилдетип сакалымды тарашат (А.Т., 451); Шуулдаган шамал ээлеп асманды… (Н.Капаров «Сабак»); Талант го деп санадым/Таш учурган шамалын (Б.С., 62); Селт этип сен экен деп ты¢шай калсам/Алдамчы шуудураган шамал экен (М.Абылкасымова «Сен кечикти¢»); К¿зд¿н му¢дуу шамалына калчанып/Кары дебей, жаш дебей б¿т чарчадык (О.С., 1996, 46) ж.б. Шамалга карата колдонулган к¿т¿¿с¿з оригиналдуу эпитет А.Осмоновдун чыгармасынан кездешет: Шайырк¿лдº карыз шамал бар бекен/Бир кап шамал карыз алып келейин (А.О., 50). Демек, ар т¿рд¿¿ контексттерге жараша шамал: муз, таш, муздак, ичиркенткич, салкын, сергиткен, шыргала¢дуу, тикенект¿¿, жылуу, ысык, катуу, к¿чт¿¿, шок, элпек, кылыктуу, таза, ¿лп¿лдºк, сулуу, иттей ачка, бир кап, кºп, карыз, кайсар, му¢дуу, кызыл, кара , боз, бозоргон, ак, ми¢ тараптуу, алдамчы, жаш, удургуган, оргу-баргы, му¢дуу ж.б. болушу алынган материалдардан дайын болуп, ар бир эпитет экспрессеманын ички формасын ачып бер¿¿дº жана анда катылып жаткан образдарды «сыртка» чыгарууда ºз алдынча кызмат аткарды.

В. Генитивдик конструкцияларда колдонулушу.

Шамал экспрессемасы генитивдик конструкциялардын дээрлик кºпч¿л¿г¿ндº тигил же бул метафоралык семага ээ болот. Мында шамал маанилердин ке¢ири гаммасына ээ салыштырмалуу т¿рдºг¿ туруктуу символдун милдетин аткарат. Мындай конструкцияларда генитив катары жандуу, конкретт¿¿ заттар, табигый кºр¿н¿штºр менен катар абстракттуу т¿ш¿н¿ктºр да алынган; генитивдер ºз¿н¿н м¿нºзд¿¿ формасы – илик жºндºмºн¿н м¿чºс¿ менен да, м¿чº кыскарган т¿р¿ндº да колдонулган: Кºлд¿н муздак кºп шамалы ышкырып… (О.С., 186); єзºндº мелт-калт агат тоо шамалы (Т.К., 106); Сыласа – кºл шамалы сыласын да… (С.Э., 64); Шамалын кыш ¿йлºсº тоодон карап/¿рпºйт¿п кºк¿лдºр¿н бардык дарак (Т.К., 29); Ырдашалы келгин курбум/Биз – толкундун шамалы (Ж.Б., 132); Шамалын жалын кездин билеси¢би/Шаштырып, шапар тээп дуу коерун (Н.А,, 17); Кары тарых кººр¿к басса узанып/Жаш кылымдын шамалы да к¿ч алып (С.Жиг., 3); Булут дене балерина булт коет/Музыканын шамалына ийилип (Т.К., 64); Лапылдап жааган карды бетке ургулап/Шамалы кышкы т¿нд¿н долуланат (М.А., 75); Оргуштап соккон ыр ошол/Осмонкулдун шамалы (Н.А., 237); Адашып аалам кезген арманымды/Ак-Муздун шамалы аста сабап турар (Ш.Д¿йшеев «їкºй»), Коштошуунун боз шамалы/Турат беттен аймалап (О.С. 1996, 66); Такаат берип шамалына тагдырдын/Тилек мисал к¿йº берип жалындап (Ж.М., 56) ж.б.

Айрым генитивдик конструкцияларда шамал экспрессемасынын ºз¿ генитив катары кызмат аткарып, т¿рд¿¿ маанидеги компоненттер менен айкашуу жºндºмд¿¿л¿г¿нº ээ: Ша¢данып куштар конот бутагына/Шамалдын куушурулат кучагына (Т.К., 244); Батыш, чыгыш, т¿нд¿к жактан келеби/Баскан жолун кимдер билет шамалдын (Т.К., 284); Куугунун жеп шамалдын/Куу булут тоого мингенде (Ж.Б., 18); Турган жери шамалдын/Бизге калды билинип (Т.К., 77); Катуулап ж¿р¿п турат шамал доору… (Т.К., 180); Шамалдын кармап «аруусу»/Арбындайт аттын каруусу (Т.К., 49); Бороон к¿б¿п босогодо чы¢ырган/Жылдар агат жолу менен шамалдын (Ш.Д¿йшеев «Ак-Сайда»); Шамалдын куну жетпес/К¿¿¢ бар к¿к¿ктºгºн (Ш.Д¿йшеев «Ат-Башы дайрасы»); Шамалдын ººп этегин/Чºгºлºп турдум жалынып (К.Ж., 77); Калкым тарткан аргымак алдыда/Курдашымын эскен жел, шамалдын (Ж.М., 252).



Г.Салыштыруунун образы жана предмети катары.

Шамал экспрессемасы поэтикалык материалдарда салыштыруулардын образы катары да, предмети катары да колдонулган. Салыштыруунун образында кºб¿н эсе кыймыл-аракеттин ылдамдыгын туюнтуучу белгиге ээ болот: Шамалдай ат, жибек ж¿нд¿¿ кой баккан/Малчылардан, эл бийлеген-башкарган (А.Т., 282); Ушул к¿л¿к, шамал сындуу чуркаган/ Ташка тийип туяктары канаган (Э. єскºналиев «К¿л¿к аттын жалын жылдар тараган…»), Сен болуп бардык жайдан караганым/Шамалдай туш-тарапка таралармын (О.С. 1996, 22); …акты ºз¿мдº ак шамалдай сырларым (О.С. 1996, 72); Бет ма¢дайдан эскен кайсар шамалдай/Мени жанып жылдар учуп баратат (Ж.М., 193) ж.б.

Салыштыруунун предмети катары милдет аткарган контексттердин саны азыраак: Дайрадай шамал агат тармал-тармал… (Т.К., 107); Б¿рк¿ттºй шукшурулуп шамал тепсе/Мордогу т¿пт¿з т¿т¿н сынып калды (Т.К., 36); Ыркырайт бирде шамал карышкырдай/Кирерде созолонот назик ырдай (Т.К., 142); Бетти сылайт ºгºº сымак тоо шамалы (О.С. 1996, 57), Мага жакын ушул шамал досумдай (А.Эгембердиева «Уктай албай т¿ндº…») ж.б.



Д. Башка т¿рдºг¿ колдонулуштар.

Тандалып алынган экспрессема айрым контексттерде ажырагыс тизмектерден турган татаал эпитеттердин компоненти катары кызмат аткарып, денотаттын сапат-касиетин кºрсºт¿¿дº к¿чºт¿¿ч¿ ролду ойногон: Шашат, шашат шамал канат кылым да/Шайы келбей бир дем алып токтошко (С.Жиг., 13); Толгонуунун толкунунда термелем/Тоо башында шамал канат чатырда (Т.К., 102); Шамал болуп удургуп булут айдайм/Кº¢¿л¿мдº бейкуттук уюта албайм (Э.Ибраев «Унута албаймын»); Учуп-к¿й¿п эрте¢дерди э¢сеген/ Шамал болуп дуулдаган к¿ндºр ай (К.Ж., 82) ж.б. Мындан сырткары, кээ бир учурларда шамал экспрессемасы чечмелºº маанисинде да колдонулат: Теше тиктеп, тере¢ те¢шеп караса¢/Де¢из – акын, ж¿рºк – толкун, шамал – шык (К.Т., 43); Махабат – турагы жок соккон шамал/Мойнуна т¿ргºн чалма салдырбаган (К.Т., 64); К¿¿лºн¿п ºз¿ – комуз, шамал – беш кол/Сары аска ¿нгº салган башка-башка (Ж.Б., 46), Жаштык-шамал жан тынымын бербеген/Дарак болуп шуулдаган к¿ндºр ай (К.Ж., 82) ж.б.



Е. Паронимдик аттрактанттар.

Поэзиядагы аллитерация, ассонанс, сингармонизм, диссимиляция сыяктуу кубулуштар паронимдик аттрактанттардын ке¢ири колдонулушун шарттайт. Шамал экспрессемасы да бир катар сºз формалары менен тыбыштык аттракция т¿зº алган: Дайрадай шамал агат тармал-тармал(Т.К., 107); Шашат, шашат шамал канат кылым да (С.Жиг. 3); Ажалдын жетпей амалы…/Осмонкулдун шамалы (Н.А., 237); Шамалга: Алгыла!- деп бак-дарактар/Чачышат санат жеткис алтын тыйын (Т.К., 29); К¿л¿¢ кºзд¿ ысык жашы кургабайт/Ысык шамал саамайларын жылмалайт (Т.К.,); Эшикке чыктым/Муз шамалга малындым (Т.К., 19); А¢гыча шымаланып шамал келди… (О.С. 1989, 200); Адашып аалам кезген арманымды/Ак-Муздун шамалы аста сабап турар (Ш.Д¿йшеев «їкºй») ж.б. Бул мисалдардагы тыбыштардын формалдык жактан жакындыктары функционалдык ар кыл кызматта колдонулат: уйкаштык, аллитерация ж.б. ¿ч¿н. Конкретт¿¿ берилген контексттердеги шамал экспрессемасынын башка сºздºр менен тыбыштык жактан жакындашуусу поэтикалык тилдин референттик функциясы аркылуу, башкача айтканда, кºркºм идеяны реализациялоодогу денотативдик кºрсºтмºлºр аркылуу аныкталат.

Ошентсе да, кыргыз поэзиясынын мисалдарынан кºр¿нгºндºй, шамал экспрессемасы паронимдик аттракцияга азыраак дуушар болгон. Поэтикалык тилдеги кºптºгºн сºз формалары, мисалга, жамал, салам, саамал, шаабай, шам, мал, алма, шашма, шамшар ж.б. паронимдик катарда аттрактант болуу м¿мк¿нч¿л¿г¿нº ээ. Тилекке каршы, жеке эле шамал экспрессемасынын паронимдик аттрактанттарынын катары эмес, кыргыз тил илиминде, ºзгºчº, лексикологияда, стилистикада жана кºркºм чыгармалардын поэтикасы боюнча эмгектерде жалпы эле паронимия кубулушу боюнча бузула элек ды¢ жатат десек болот.

Жалпылап алганда, кыргыз профессионалдык поэзиясында шамал экспрессемасынын колдонулушу жогоруда келтирилген мисалдар аркылуу м¿нºздºмºгº алынды. Белгилеп кет¿¿ч¿ жагдай, шамал перифраза катары же перифразалык конструкциялардын компоненти катары пайдаланылган контексттер тандалып алынган материалдын чегинен кездешкен жок. Контексттердин дээрлик бардыгында те¢ жалпы элдик тилдеги бирдик болгон шамал сºз¿н¿н ички формасы номинациянын белгиси же негизи катары сакталып калды. Ал эми поэтикалык тилдин бирдиги болгон шамал экспрессемасынын ички формасы ар бир жа¢ы контекст менен ºзгºр¿п, байып отурганы, ошону менен катар, улам жа¢ы образдык ассоциацияларды жаратуу жºндºмд¿¿л¿г¿нº ээ экендиги айкын болду. Ошондой эле, контексттерде шамалдын валентт¿¿л¿к даражасынын жогорулугу аны экспрессема катары м¿нºздººн¿н бир белгиси болуп эсептелет.

Аталган экспрессеманын орус тилиндеги эквиваленти болгон «ветер» поэтикалык тилде «мезгил», «революция», «эркиндик», «эрдик» сыяктуу семантикалык талааларга тиешел¿¿ символ катары жыш колдонулат. Ал эми кыргыз поэзиясында мындай кºр¿н¿ш орун алган эмес. Жогоруда кºрсºт¿лгºн семантикалык талааларга биздин улуттук поэзияда «та¢», «жел» деген экспрессемалар тиешел¿¿ экенин позиянын мисалдарынан байкоого болот. Биздин оюбузча, мындай кºр¿н¿ш кыргыз жергесинде Октябрь революциясынын же¢иши, карапайым элдин эркиндикке жетиши жана турмушундагы ºзгºр¿¿лºр шамалдын ылдамдыгындай тез темпте, кескин т¿рдº эмес, та¢дын атышы же жумшак соккон жел сыяктуу акырындык менен, салыштырмалуу т¿рдº жайыраак м¿нºздº ºткºнд¿г¿н туюндурууга байланыштуу болуш керек. Анын ¿ст¿нº элдин т¿ш¿н¿г¿ндº «та¢» кара¢гылыктан жарыкчылыкка ºт¿¿н¿ кºрсºткºн символ катары да кабылданат.

Дегинкиси эле, шамал сºз¿нº байланыштуу алынган материалдар менен ага (шамалга) жакын лексико-семантикалык катарга кирген элементтердин, же «тек-т¿р» катышында турган гипонимдер менен гиперонимдердин материалдарын салыштырып изилдºº да бир топ кызыктуу натыйжаларды бермек. Мындай суперординаттар катары жел, сыдырым, айдарым, желаргы, шапата, керимсел, бороон, бурганак, куюн сыяктуу сºздºрд¿ алууга болот. Булардын ичинен «жел» жана «бороондун» да экспрессема катары колдонулуу жыштыгы ºтº тыгыз жана м¿нºз¿ ар т¿рд¿¿ экени материалдарды анализдººн¿н негизинде айкын болгонун белгилей кет¿¿ абзел.

Мындан тышкары, тандалып алынган материалдын негизинде шамал экспрессемасы ар кайсы акындардын чыгармачылыгында ар кандай жыштыкта колдонулганын да кºрсºтº кет¿¿ зарыл. Мисалы, кыргыз профессионал адабиятынын башатында турган К.Тыныстановдун поэзиясында аталган экспрессема ¿ч гана ирет («Жа¢ыл Мырза» поэмасында, «Де¢из – акын, ж¿рºк – толкун, шамал - шык», «Ысык-Кºлгº» ырларында) пайдаланылган. Анын тескерисинче, анык «шамалдын акыны» деп таланттуу акын Т.Кожомбердиевди эсептººгº болот. Анын «От ºчпºгºн коломто» (1992) аттуу жыйнагында шамал экспрессемасы 85 ирет пайдаланылган. Алынган контексттердин чо¢ бºл¿г¿ Т.Кожомбердиевдин чыгармаларына тиешел¿¿ экендиги да ушуга байланыштуу. Кадыресе практикалык тилде, оозеки с¿йлºш¿¿ кебинде шамал салыштыруунун образы катары ке¢ири колдонулганы менен, поэтикалык тилде бул максатта колдонуу тыгыздыгынын тºмºнд¿г¿ да иликтºº-талдоону талап кылган кызыктуу маселелердин бири болуп эсептелет.

Шамал экспрессемасы ¿ч¿н мисал катары алынган материалдарды мындан башка троптук маанилерге бºл¿шт¿р¿¿ же топтоштуруу кайталануучулукка алып келет. Ошентсе да, материалды жогоруда кºрсºт¿лгºндºй топтор аркылуу сыпаттоо менен эле, экспрессеманын ºзгºр¿¿ контексттери ºтº татаал жана кºп т¿рд¿¿ экендигин белгилººгº болот. Демек, жеке эле шамал эмес, поэтикалык кыргыз тилиндеги ар бир экспрессема ºз алдынча талдоо обьектиси болуу м¿мк¿нч¿л¿г¿нº толук ээ деп айтууга негиз бар. Мындай иликтººлºр жалпы эле кºркºм адабияттын тилин жана поэтикалык тилдин ºн¿г¿¿с¿н изилдººгº зор таасир тийгиз¿¿ч¿ фактор болмок.
АДАБИЯТТАР


  1. Бахтин М.М. Вопросы литературы и эстетики. Исследования разных лет.

-М.: Наука, 1975

  1. Борисова М.Б. Ещё раз об «общей образности», «упаковочном материале» и их отражении в словаре писателя. // Вопросы стилистики. -Саратов, 1973, вып.6

  2. Виноградов В.В. Стилистика. Теория поэтической речи. Поэтика. -М.: Изд-во АН СССР, 1963

  3. Григорьев В.П. О единицах художественной речи. //В кн. Поэтика и стилистика русской литературы. Памяти акад. В.В.Виноградова. -Л.: Наука, 1971

  4. Григорьев В.П. Поэтика слова. -М.: Наука, 1979

  5. Загоровская О.В. Семантическая структура экспрессемы «снежная вьюга» в поэзии А.Блока: Опыт компонентного анализа. //В кн. Вопросы филологии и методики исследования. -Воронеж, 1975

  6. Кожина М.Н. О конструктивном принципе функционального стиля, его экстралингвистической основе и критериях стилистических оценок. //Вопросы стилистики. -Саратов, 1972, вып.5

  7. Костомаров В.Г. Русский язык на газетной полосе. -М.: Изд-во МГУ, 1971

  8. Поэт и слово: Опыт словаря. -М.: Наука, 1973

  9. Якобсон Р. Работы по поэтике. -М.: Прогресс, 1987

КЄРКЄМ АДАБИЯТТАР



  1. Акаев К. Ырлар, поэмалар. -Фрунзе: Кыргызстан, 1979

  2. Алымбеков Н. Ырдалып б¿тпºйт махабат. -Бишкек, 1995

  3. Алыбаев М. Мидин: ырлар жана поэмалар. -Бишкек: Кыргызстан, 1996

  4. Байдылда. - Тандалган ырлар, поэмалар, термелер. -Бишкек: Адабият, 1997

  5. Бºкºмбаев Ж. Тандалган чыгармаларынын эки томдугу, 1-том. -Фрунзе: Кыргызстан, 1973

  6. Жигитов С. Жылдар жа¢ырыгы. -Фрунзе: Кыргызстан, 1987

  7. Касым Тыныстан уулу. - Адабий чыгармалар. -Бишкек: Адабият, 1991

  8. Кожомбердиев Т. От ºчпºгºн коломто. -Бишкек: Адабият, 1992

  9. Мамытов Ж. Башат жана мухит. -Бишкек: Адабият,1991

  10. Осмонов А. Кºл толкуну. -Бишкек, 1995

  11. Райкан Тандалган ырлар, тамсилдер, термелер. -Бишкек: Адабият, 1998

  12. Султанов О. Чарчоонун ж¿з¿нч¿ ыры.-Фрунзе: Адабият, 1989

  13. Токомбаев А. Тандалган чыгармаларынын ¿ч томдук жыйнагы, 1-том.

-Фрунзе: Кыргызстан, 1972


Достарыңызбен бөлісу:


©kzref.org 2019
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет