Этнография, этникалык маселелер этнография, этнические вопросы



жүктеу 85.35 Kb.
Дата20.02.2018
өлшемі85.35 Kb.

ЭТНОГРАФИЯ, ЭТНИКАЛЫК МАСЕЛЕЛЕР

ЭТНОГРАФИЯ, ЭТНИЧЕСКИЕ ВОПРОСЫ

А.Ш.Турдумамбетов

«Жаныш, Байыш» элдик эпосунда кыргыз элинин аскердик жана

баатырдык касиеттеринин чагылдырылышы

Кыргыз элинин тарыхында өзгөчө орунду ээлеп келген, илимий деңгээлдеги маселе бул элибиздин байыркы мезгилден берки аскердик өнөрү жана анын тарыхы болуп эсептелет. Ар бир элдин эгемендүүлүгү менен көз карандысыздыгы, ички жана тышкы саясаты, элдин биримдиги тарыхтын алдыңкы саптарын ээлеп келген. Ошондон улам булардын пайдубалынын бири болуп, тышкы жоодон элин коргоо, элдин биримдигин сактоо милдетке айланган. Эл оозунда баатырдык менен аскердик өнөрдүн тарыхы сакталып келген. Элдик эпостордун бири “Жаныш, Байыш” баянында жогоруда көрөсөтүлгөн негизги милдеттер толугу менен сүрөттөлөт. Алсак, чыгарманын негизги бөлүгүндө элин жоодон коргоп, биримдигин бекемдөө идеясы көрсөтүлөт.

Чыгармада этнографиялык баалуу булак катары изилдене турган, баатырлардын кийген кийиминен, жоо-жарак, ошондой эле ичкен тамагына чейинки өзгөчөлүктөрүн эске албай коюуга болбойт.

Мисалы, баатырлардын кийген кийими бир керемет катары сүрөттөлүп, мындайча даңазаланат:

“ Кереметтүү жан экен,

Кийген кийми пар экен.

Чапканда кылыч кеспеген,

Атканда мылтык өтпөгөн,

Бир зоот тону бар экен.

Ал тонунун барында,

Адамдын алы жете албайт.”1
Турдумамбетов А.Ш. – КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын Финансы-экономикалык техникумунун окутуучусу

Жогоруда көрсөтүлгөн жоокердик кийим кыргыз элинин баатырларына ичине малдын жүнү, өсүмдүк буласынан кебезди салып, темирдин күкүмү менен ширетилип жасалат. Муну “Манас” эпосу менен салыштырып карасак, кадимки бабабыздын “ ак олпок “ соотун элестетүүгө туура келет. Мындан сырткары, ушундай эле көрүнүштү өзүнө багындырган “ Манас” эпосунда “ кыяк” , “ бадана”, “ чопкут” сыяктуу кийимдери да айтылат.

Алсак,

“ ......Ак күүрөөкө сооттун,



кынай кийип зынкыйтып.” 2

“......Кырк баатырды карасак,

Соо болбостой сыягы.” 3

Ал эми “ Жаныш, Байыш” эпосунда:

“ ......Ок өтпөскө сактанып,

Качырды Байыш душманды.”4

“ ...Канча баатыр канча эрдин,

Сооттору тытылып,

Сооттуу менен согушушуп”.5

Эпосто ок өтпөс кийимдин жасалуу таржымалынын мисалына кошумча кийирсек, олпоктун өзү эле зоот түрүндө айтылат эмеспи, анткени ичине металл-тор же темирдин күкүмү ширетилет, ушундан улам “Жаныш, Байыш” эпосунда:

“ .......Ички соот, тышкы олпок,

Ок найзага жыртылып,

Ойрону чыкты душмандын.” 6

“........Кымылдап ичи сүйүнүп,

Кынама соот кийинип.” 7

деп, айтылганынан улам, олпок, соот экөө тең бири-бирине кынапталып октун денеге өтүп кетишинен сактап келген. Ошондуктан “ок өтпөс”, жоокердик кийимдин пайдасы зор болгон. Окуянын жүрүшүндө Желмаяндын азгыруусу менен жанына сексен мерген, кырк жигит алып, Жаныш Байыштын Ала-Көлгө барышында, калмактар менен болгон согушта, сексен мерген, кырк жигиттин каза табышы менен “ак олпоктон” ажыраган Байыштын оор абалы айтылат.

“Ак олпок алар сен белең,

Азапты тартаар мен белем,

Кыналуу жорго мингиздим,

Арбак урган Желмаян,

Кыңырттыгын билгиздиң”.8

“ Олпогу жок кайышып,

Эки колу карышып”.9

Бирок буга да тайманбаган баатырлар элүү миң кошуун душман жокерлери менен бетме-бет салгылашууда туруштук беришет. Эми согуштун жүрүшүнө өтсөк, жоокердик бир канча курал-шаймандарынын түрлөрү көзгө учурайт. Мисалы “Манас” эпосунда найзанын байыркы түрүнүн бири “Сүнгү” деген аталыш сакталып келет. Бул аталышты учурунда Малов С.Е. байыркы түрк жазма эстеликтеринде кездештирген.10

Алсак, “Манас” эпосунда:

“Карагай найза сүнгүнү

Карыга илип алганы” 11

“Жаныш, Байыш” дастанында:

“Карагай найза алышып,

Калганы турат жайылып”.12

Демек, айтылуу эки дастанда тең “карагай найза” колдонулгандыгы катардагы жоокердин бүтүн баары карагайдай учтуу жасалган курал менен жоого аттангандары менен мүнөздөлүп жатат. Мындан сырткары, окуянын көпчүлүк учурунда “сыр найза” деп аталчу куралдын аты эскерилет. “ Сыр найза” Манас бабабыздын, андан соң уулу Семетейге мурас катары өткөн, ат үстүндө урушууга ылайыктуу, “бийликтин” символу катары таанылган согуштук куралдардын бири болгон. Ал “Жаныш, Байыш” дастанында да эр жүрөк жоокерлердин колдон түшпөс куралы катары баяндалат.

“Сыр найзасы колунда,

Асайылы мойнунда”.13

Согуштун жүрүшүнө кайрылсак:

“Аралап найза салды эми,

Асылдарың сайышып.

Моло кылып өлүгүн,

Yйүп кетип баратат”.14

Дастанда найзанын эмнеден жасалганы жана анын бекемдиги, учу болоттон куюлуп, жоого оор сокку берүүдө эбегейсиз зор таасири сүрөттөлөт.

“Адырлап качса башка эли,

Болот уч найза көтөрүп”.15

Кийинки саптарда болсо баатырлардын чечкиндүүлүгүн жана жоо жаракка дайым кам көрүп, ошондой эле душман жолун иликтеп “болот найза” менен “ чалгынга” жөнөй тургандыгы баян этилет:

“Жоо жарагын шайланып,

Колго болот найза алып,

Мен барайын алдына,

Мен чыгайын чалгынга”. 16

Кийинки мисал боло турган курал – бул “кылыч”. Ал терең философиялык ойго тең келээрлик, улуу “Манас” дастанында анын ыйык “Зулпукор” кылычы айтылат. Ал эми Бакай акылманга “Кылболот”, Ажыбайга “Ач болот”, Алмамбетке“ Жойкума”, Чубакка “Ач албарс”, Сыргакка “Аркескен” асмандан түшүп, баатырлардын колуна ыйык жол менен тийип, ар бирөөнө энчилүү болуп калат эмеспи. Өзгөчө жогорку денгээлдеги ыкма менен жасалган кылычтын түрлөрү эпизоддордо эки миздүү жасалып, алып жүрүүгө жеңил болгону талашсыз.

“Манас” эпосу менен “Жаныш, Байыш” эпосунда “ Зулпукор” аталышы араб сөзүнөн оошуп келгени менен мүнөздөлөт. Өтө курч жасалган кылычтын бул түрү араб тилинен “аркалуу” дегенди түшүндүрөт. Анын бекем болушу үчүн ортосуна жаныбардын кыр аркасын элестеткен кейипте берилиши буга мисал болуп бере алчудай. “Жаныш, Байыш” дастанына кайрылсак окуянын жүрүшү төмөндөгүдөй саптар менен толукталат:

“Суук киши көрүнсө,

Зулпукор менен ныктады”.17

Дастандын согуштук бөлүгүнө кененирээк токтолсок :

“....Кызып алды Эр Байыш,

Кырып жоюп кылычтап.

Кылкылдаган калың кол,

Качып барат жылыштап.”

Дастанда дагы бир баалуулук – “албарс миздүү канжар” тууралуу сөз болот. “Манас” эпосунда “албарс” деген аталыш болоттон жасалган өткүр кылычтын сүрөттөөдө баяндалат. Бул куралды жасап жатканда, душмандын жаратын ырбатыш үчүн уунун кошулмасына сугарышкан. Эпизодго кайрылсак:

“Ач албарс канжар колунда,

Алкымынан тилди эми.”18

Аскердик өнөрдүн бирден бир бөлүгү жаа менен жебе атуунун сыры өтө зор чеберчилик менен кайраттуулукту талап кылган. Жаа тартуу адамзаттын бардык согуштук беттешүүлөрүндө алдынкы катарды ээлеген эбегейсиз күч болуп келген. Жаа – бул атактуу баатырлардын өздөрүнө гана таандык энчилүү аты менен да сый түрүндө илинип турган куралдын катарын толуктаган.

“Жаныш, Байыш” дастанында согуштук өнөргө жана чабуулга “жаа” кеңири колдонулгандыгы жана анын баалуулугу менен жасалышына көңүл бурулат.

Мисалы, “Алтын жаак сыр жебе,

Тартып кетип баратат.”19

Дастанда сүрөттөлүп жаткандай жааны “жөө”, “атчан”, “тизелеп”, “отуруп” алып атууга болот. Ал эми “жаа” атуунун мыкты чеберчилигин “Көкөтөйдүн” ашында Манастын чоролору түрлүү жоокердик оюндарда көрсөтүшөт:

“......Шарт этип саадак тартылды,

Өнөрү журттан артылды.

Саадактын огу жеткени,

Бөркүнө таккан чокуну,

Yзгөн бойдон кеткени.

Саадактан көрдү огуну,

Баары кыркып өтүптүр,

Тебетейдин чогуну.” 20

Аталган эпос “Манас” эпосу сыяктуу эле негизги ролду ойногон каармандар, башкача айтканда Жаныш менен Байыш өз жоокерлерине гумандуулук менен мамиле жасап, алардын сак-саламаттыгына кам көргөн. Тагыраак айтканда, баатырдык жана жоокердик касиеттерди аталган каармандар бийик тутушкан. Эпизодго көңүл бурсак, жоокерлер Жаныш баатырга мындай баа беришет:

“Ачка болсоң нан берген ,

Ата болуп асырап,

Керектүүнү мол берген,

Жоо келгенде ат берген,

Кечиктирбей бат берген.” 21

Мындан сырткары, жоокердик шыкка шык кошуп, алардын аброюна дем берип, жылуу сөз айтып, маанайын көтөрүп, ата-энесиндей мээримин чачып турган, деп баяндалат кийинки саптарда:

“ Ата болуп асырап,

Эне болуп эмизген,

Жар чакырып элине,

Кырк жолборсум дедирген” 22

Ал эми улуу Каныкей энебиз Манас бабабыз менен анын кырк чоросуна күлазык дайындап, күн мурун кам көргөн болсо, бул кенже эпосто баатырлардын жоого керектелүүчү азыгын Жаныш, Байыштын энеси Күлүкан байбиче дайындаган экен.

“Энеси Күлүкан байбиче,

Эпсиз аяр киши эле,

Кыйналганда суусабас,

Кымыз кууруп берди эле,

Оюмдан чыгып кетиптир

Ошол курут менде эле.

Коштоо атта күлазык,

Куржунунда келди эле.” 23

“Манас” эпосунда дагы бир өзгөчөлүк бул жоокерлердин чыныгы саламаттыгын көзөмөлдөө жана тагыраак айтканда, жарадар, ок жеген жоокерлерге тийиштүү деңгээлде жардам көрсөтүү. Улуу эпосто октон же башка куралдан жапа чеккен жоокерлер үчүн “оржемил” деп аталган дарынын түрү мисал келтирилет.

“ Оржемил деген дарысын,

Жутуп алды баарысын.

Аккан каны басылып,

Айнектей көзү ачылып,

Каары бойдон чачылып”24

Ал эми “Жаныш, Байышта” болсо дарынын аталышы “мобуя” деп берилет. Аталган дарынын касиети да, Күлүкан байбиченин колунан даярдалып, жоого күн мурун кам көрүлгөнү даңазаланат.

“Жаралуу киши ичет деп,

Сыныгы болсо бүтөт деп,

Аты жакшы мобуя,

Дары берген болучу.”25



Жогорудагы маалыматтарды пайдаланып “Жаныш, Байыш” эпосундагы жоокердик жана баатырдык касиеттеринен азыноолак салыштырмалуу даражада “Манас” эпосунун айрым эпизоддоруна шайкеш келтирип кыскача кабар берүүгө аракеттендик. Бирок бул илимий көз караш бир гана кийинки изилдөөлөр менен иликтөөлөргө жол түзө турган пайдубалга айланышы мүмкүн деген ойдобуз. Башкача айтканда, элибиздин байыркылыгы, улуулугу менен сыймыгы дал ушундай ажайып керемет жазылган эмгектер аркылуу ачылат деп ойлойбуз.
КОШУМЧА ТҮШҮНҮКТӨР:

1 Жаныш, Байыш. /А. Акматалиевдин ред.аст. – Б.,1998. – 125-б.

2Сагынбай Орозбаков “ Манас”. – 3-китеп. – Фрунзе, 1980. – 144-б.

3 Ошол эле жерде. – 138-бет.

4 Жаныш, Байыш./ А. Акматалиевдин ред.аст. – Б.,1998. – 316-б.

5 Ошол эле жерде. – 317-б.

6 Ошол жерде. – 317-б.

7 Ошол эле жерде. – 317-б.

8 Ошол эле жерде. – 48-б.

9 Ошол эле жерде.– 50-б.

10 Малов С.Е. Памятники древне-тюркской письменности. – М.,1952.– С.28-35.

11 Сагынбай Орозбаков. Манас. – 1-китеп. – Фрунзе, 1979. – 148-б.

12 Жаныш, Байыш. .. – 88-б.

13 Ошол эле жерде. – 86-б.

14 Ошол эле жерде.– 49-50-б.

15 Ошол эле жерде. – 311-312 -б.

16 Ошол эле жерде. – 309-б.

17 Ошол эле жерде. – 96-б.

18 Ошол эле жерде. – 332-б.

19 Ошол эле жерде. – 49-б.

20 Сагынбай Орозбаков. Манас. – 3-китеп. – Фрунзе, 1981. –171-б.

21 Жаныш, Байыш... – 231-б.

22 Ошол эле жерде. – 231-б.

23 Ошол эле жерде. – 232-б.

24 Сагынбай Орозбаков. Манас. – 2-китеп. – Фрунзе, 1980. – 60-б.

25 Жаныш, Байыш... – 232-б.

Каталог: elib -> jurnaldar -> vik
vik -> М. К. Тажибаев Социально-культурное развитие Казахстана (20-30-е гг. ХХ века): исторический анализ Музыкальное и песенное искусство казахов, как самое распространенное и популярное у народа, с первых дней Советской
elib -> Қызылорда облысы 6М081000-«Мелиорация, жерді баптау және қорғау»
elib -> История литератур Восточной Европы после второй мировой войны / Отв ред. В. А. Хорев. Т. М.: Индрик, 1995. С. 465 518
elib -> В контексте науки и культуры
elib -> "видевдат" ("вендидад")
vik -> Утрекеева дж


Достарыңызбен бөлісу:


©kzref.org 2019
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет