Санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер Жалпы билим берүү мекемелеринде окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар



жүктеу 0.77 Mb.
бет1/4
Дата12.04.2019
өлшемі0.77 Mb.
  1   2   3   4

6-тиркеме


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2015-жылдын «____»____________

№____ токтому менен бекитилген
Санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер

Жалпы билим берүү мекемелеринде окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар



  1. Жалпы жоболор жана колдонуу чөйрөсү

1. Ушул санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер (мындан ары – санитардык эрежелер) жалпы билим берүү мекемелериндеги окуучулардын ден соолугун сактоого багытталган.

2. Ушул санитардык эрежелер жалпы билим берүү мекемелерине карата төмөнкүлөр:

- жайгаштыруу;

- аймак;

- имарат;

- имаратты жабдуу;

- аба-жылуулук режими;

- табигый жана жасалма жарыктандыруу;

- суу менен камсыз кылуу жана канализация;

- ылайыкташтырылган имараттарда жайгаштырылган жалпы билим берүү мекемелеринин жайлары жана жабдуулары;

- билим берүү процесси режими;

- окуучуларды медициналык тейлөөнү уюштуруу;

- жалпы билим берүүчү мекемелердин санитардык абалы жана аларды күтүү;

- окуучулардын тамактануусун уюштуруу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарды белгилейт:

3. Санитардык эрежелер долбоорлонуп, иштеп, курулуп жана кайрадан конструкцияланып, башталгыч жалпы, негизги жалпы орто (толук) жалпы билим берүүнү жүзөгө ашырып жана жалпы билимдин үч тепкичинин жалпы билим берүүчү программаларына ылайык билим берүү процессин жүзөгө ашырып жаткан жалпы билим берүү мекемелерине алардын менчигинин түрүнө жана формасына карабастан жайылтылат:

- биринчи тепкич – жалпы башталгыч билим берүү (мындан ары – билим берүүнүн I тепкичи);

- экинчи тепкич – жалпы негизги билим берүү (мындан ары – билим берүүнүн II тепкичи);

- үчүнчү тепкич – жалпы орто (толук) билим берүү (мындан ары – билим берүүнүн III тепкичи).


  1. Негизги терминдер жана аныктамалар

4. Бул санитардык эрежелеринде негизги түшүнүктөр төмөнкүдөй мааниде колдонулат:



Лицензиялоо – билим берүү ишин жүргүзүүгө билим берүү уюмдарына уруксат берүү, анын максаты мамлекеттик стандарттардын деңгээлинде билим берүүнүн кепилденген сапатын камсыз кылуу болуп саналат;

Билим берүү – инсанды шайкеш өнүктүрүү максатында тарбиялоонун жана окутуунун үзгүлтүксүз, системалуу процесси;

Окуп жатканда тиешелүү документ менен ырасталган белгилүү билим деңгээлине жетишүүсү жана ырастоосу билим алуу деп түшүнүлөт;



Билим берүү программасы – конкреттүү деңгээлдеги билим берүүнүн курамы, багыты же адистиги (жалпы билим берүүчү мектеп, лицей, гимназия жана адистешкен мектеп;

Жарыктык коэффициенти (ЖК) – айнек беттеринин аянтынын полдун аянтына караганда;

Атайын билим – дене бой же акыл-эсинин өнүгүшү жагынан кемтиги бар балдарды окутуу;

Мектептеги (жалпы) билим берүү – тарбиялоо жана окутуу системасы, ал өзүнүн баскычтарына шайкеш келген, коомдо иштөө үчүн жетиштүү болгон билимди, жөндөмдү, практикалык шыкты камсыз кылат;

Жарандарды гигиеналык тарбиялоо жана окутуу - калктын санитардык маданиятын жогорулатуу жана оорулардын алдын алуу, сергек жашоо ыңгайы жөнүндө билимдерди жайылтуу максатында юридикалык жактар жана жеке ишкерлер уюштуруп жана өткөрүп жаткан санитардык-эпидемияга каршы (алдын алуучу) иш-чаралардын комплексинин курамынын бири катары аныкталат.
3. Жалпы билим берүү мекемелерин жайгаштырууга талаптар
5. Жалпы билим берүү мекемелеринин имараттары адамдар жашаган зонада, ишканалардын, курулмалардын жана башка обьекттердин санитардык-коргоо зоналарынан, санитардык разрывдардан, гараждардан, автобекеттерден, автомагистралдардан, темир жол транспортунун обьекттеринен, метрополитенден, аба транспортунун учуу жана конуу маршруттарынан тышкары жайгашуусу зарыл.

6. Жалпы билим берүү мекемелеринин жайгашуусу жана багыт алышы инсоляциянын тынымсыз үч саат узактыгын камсыз кылышы керек.

7. Жалпы билим берүү мекемелеринин аймагы аркылуу шаардык (айылдык) багытынын магистралдык инженердик коммуникациялары – суу менен камсыз кылуу, канализация, жылуулук менен камсыз кылуу, энергия менен камсыз кылуулары өтпөшү керек.

8. Жалпы билим берүүнүн жаңы курулуп жаткан имараттары шаар көчөлөрүнөн, квартал арасындагы жолдордон алыс болгон, шуулдаган үндүн угулушун 55 дБАдан жогору эмес камсыз кылган турак кичи райондордун квартал ичиндеги аймактарында жайгаштырылат.

9. Шаардык жалпы билим берүү мекемелерин долбоорлоодо жана курууда мекемелерге жөө жетүү 0,5 километрден көп эмес болуу керектиги каралат.

10. Айыл жергесинде жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн жөө басып жетүү төмөнкүнү түзөт:

- билим берүүнүн I тепкичинин окуучулары үчүн - 2,0 кмден көп эмес;

- билим берүүнүн II жана III тепкичинин окуучулары үчүн - 4,0 кмден көп эмес.

Бир тарапка жол жүргөн убакыт 30 мүнөттөн ашпашы керек.

11. Транспорттук менен жетүү мүмкүн болбогондо, жалпы билим берүү мекемесинин алдында интернат каралат.


4. Жалпы билим берүү мекемелеринин аймактарына болгон талаптар
12. Жалпы билим берүү мекемелеринин аймактары дубал менен курчалышы жана жашылдандырылышы керек. Аймакты жашылдандыруу анын аянтынын 50%нан кем эмес эсебинен каралат.

13. Бак-дарактар мекемеден 15,0 метрден кем эмес, ал эми бадалдар 5,0 метрден кем эмес аралыкта отургузулат. Жашылдандыруу үчүн мөмөсү уулуу бак-дарактарды жана бадалдарды колдонууга тыюу салынат.

14. Жалпы билим берүү мекемелеринин аймактары төмөнкү зоналарга бөлүнөт: эс алуу зонасы, дене тарбия жана спорт зонасы жана чарбалык зона.

15. Дене тарбия жана спорт зонасын спорттук зал тарапка жайгаштырылат. Эгерде дене тарбия жана спорт зонасы окутуу жайларынын терезесинин тушуна жайгашкан болсо, анда окутуу жайларында шуулдаган үндүн деңгээли 40 дБАдан ашпашы керек. Жүгүрүү жолдорун жана спорттук (волейболдук, баскетболдук, кол топ оюну үчүн) аянттарды орнотууда, алар жамгыр суусунун алдында калбашы үчүн дренаж жасоо зарыл.

16. Дене тарбия жана спорт зонасынын жабдуусу «Дене тарбия» окуу сабагынын программасынын аткарылышын, ошондой эле секциялык спорттук сабактардын жана ден соолукту чыңдоо иш чараларынын өткөрүлүшүн камсыз кылышы керек.

17. Спорттук-оюн аянттарынын үстүнкү катмары катуу, футбол талаасынын үстү чөп болушу зарыл. Синтетикалык жана полимердик үстүнкү катмарлар суукка чыдамдуу болушу керек, балдардын ден соолугуна зыян келтирбеген материалдардан жасалган суу түтүктөрү менен жабдылышы зарыл.

18. Дене тарбия жана спорттук жабдуулар окуучулардын бою-жашынын өзгөчөлүктөрүнө дал келиши керек.

19. Жалпы билим берүү мекемелерин долбоорлоодо жана курууда анын аймагында узартылган күндүзгү тоюуна катышкан окуучулардын кыймылдуу оюндарын жана эс алуусун уюштурууга, ошондой эле таза абада өткөрүлүүчү иш чараларды караган билим берүү программаларды ишке ашыруу үчүн эс алуу зонасы каралышы зарыл.

20. Чарбалык зона ашкананын өндүрүш имаратынын кире бериш тарабына жайгаштырылат жана көчө жактан өз алдынча кирүүсү болот. Жылуулук жана борбордоштурулган суу менен камсыз кылуу жок болгон учурда чарбалык зонанын аймагына от казан жана суу басымы күчтүү чоң идиши бар насос жайгаштырылат.

21. Таштандыларды чогултуу үчүн чарбалык зонанын аймагында аянт жабдылат, ага таштанды чогулткучтар (контейнерлер) коюлат. Ал аянт тамак-аш блогунун кире беришинен, окуу класстарынын, кабинеттердин терезелеринен 25,0 м кем эмес аралыкта жайгаштырылат жана үстү суу өткөрбөгөн катуу катмар менен жабдылат, анын өлчөмү контейнердин түпкү аянтынан бүт тарапка 1 метрден чоң болот. Таштанды чогулткучтардын бекем жабылуучу капкактары болушу керек.

22. Аймакка кирүүчү жолдорго, өткөөлдөргө, чарбалык курулмаларга, таштанды чогулткучтар турган аймакка болгон жолдорго асфальт, бетон жана башка катуу катмар салынат.

23. Мекеменин аймагында жасалма сырткы жарык бергичтер болушу керек. Жасалма жарык бергичтердин жердеги деңгээли 10 лкдан кем эмес болушу зарыл.

24. Аймакта жалпы билим берүү мекемеге функционалдык байланышы жок курулуштардын жана курулмалардын жайгашуусу мүмкүн эмес.

25. Эгерде мекемеде мектепке чейинки билим берүүнүн негизги жалпы билим берүү программасын ишке ашырып жаткан мектепке чейинки топ бар болсо, аларга аянттан мектепке чейинки уюмдардын түзүлүшүнө, мазмунуна жана иш тартибин уюштурууга болгон талаптарга ылайык жабдылган оюн зонасы бөлүнүп берилет.


5. Имаратка болгон талаптар
26. Цоколдук этаждарды жана жер төлөө жайларын окуу жайлар, кабинеттер, лабораториялар, окуу устаканалары, медициналык багыттагы жайлар, спорттук, бий жана актовый залдар катары пайдаланууга мүмкүн эмес.

27. Жаңыдан же кайрадан конструкцияланып жаткан жалпы билим берүү мекемелеринин сыйымдуулугу бир сменада гана окуу үчүн эсептелет.

28. Жалпы билим берүү мекемелерин долбоорлоодо, курууда жана кайрадан конструкциялоодо гардеробдорду ар бир класс үчүн милдеттүү түрдө жабдылган орундары менен 1-кабатка жайгаштыруу зарыл. Гардеробдор кийим, баш кийим илгичтер жана бут кийим койгучтар менен камсыз кылынат. Иштеп жаткан имараттарда башталгыч класстардын окуучулары үчүн гардеробдор, аларды жеке шкафтар менен жабдуу шарты болсо, рекреацияларда жайгаштырылат.

29. Айыл жергесинде жайгашкан мекемелерде, бир класстагы окуучулардын саны 10дон ашпаса, окуу класстын 1 окуучуга болгон аянтынын ченеми бузулбаса, окуу класстарда гардеробдор (илгичтер же шкафтар) жайгаштырылат.

30. Башталгыч класстардын окуучулары үчүн окуу класстары имараттын 3-кабатынан жогору жайгаштырылбайт.

31. Жалпы билим берүү мекемелеринин жаңыдан курулуп жаткан имараттарында башталгыч класстар үчүн окуу жайларды өзүнчө блокко (имаратка) бөлүнөт, окуу секцияларга топтолот. 1-4-класстардын окуучулары үчүн окуу секцияларга (блокторго) төмөнкүлөрдү жайгаштырат: рекреациялары бар окуу жайларды, узартылган күндүн топтору үчүн оюн бөлмөлөрдү (бир окуучуга 2,5 м2 кем эмес эсебинде), дааратканаларды.

32. Билим берүүнүн II – III тепкичинин окуучуларына билим берүү процессин уюштуруу класстык-кабинеттик система боюнча уюштурууга мүмкүнчүлүк берилет. Эгерде кабинеттерде жана лабораторияларда окуу эмеректерин окуучулардын бою-жашы өзгөчөлүктөрүнө ылайык келтирүүгө мүмкүнчүлүк жок болсо, окутуунун кабинеттик системасын колдонууга уруксат берилбейт.

33. Айыл жергесинде жайгашкан жалпы билим берүү мекемелеринде класстар толбой калганда окуу кабинеттери эки жана андан ашык сабак боюнча колдонулат.

34. Окуу кабинеттеринин аянты окуу процессинде колдонулуучу окуу куралдарды жана жабдууларды сактоо үчүн кошумча эмеректерди (шкаф, тумба, ж.б.) коюу үчүн керектелүүчү аянтты эсептебестен, 1 окуучуга 2,5 м2ден кем эмес, ал эми иштин топтук формасын жана жеке сабактарды уюштурууда 1 окуучуга 3,5 м2ден кем эмес эсептен алынат.

35. Жалпы билим берүү мекемелеринин жаңы курулуп жана кайрадан конструкцияланып жаткан имараттарында окуу жайларынын бийиктиги 3,0-3,5 м. Класстарда окуучулардын эсептелүүчү саны бир окуучуга болгон аянтынын жана ушул эрежелердин V бөлүмүнө ылайык эмеректерди коюу эсебинен аныкталат.

36. Химия, физика, биология кабинеттеринде лаборанттар үчүн жайлар жабдылышы керек.

37. Информатика жана башка персоналдык компьютерлер колдонулуучу кабинеттердин аянты персоналдык электрондук-эсептөөчү машиналарына болгон гигиеналык талаптарга жана ишти уюштурууга дал келиши керек.

38. Спорттук зал имараттын 1 – 2-кабаттарына же өзүнчө курулган имаратка жайгаштырылат. Спорттук залды 2-кабатка же андан жогору жайгаштырууда үндөн жана дирилдөөдөн обочолонтуу иш чаралар аткарылышы зарыл.

39. Спорттук залдардын аянты: 9,0 х 18,0 м, 12,0 х 24,0 м, 18,0 х 30,0 м. Спорттук залдын бийиктиги 6,0 метрден кем болбошу керек.

40. Иштеп жаткан жалпы билим берүү мекемелеринин спорттук залдарында снаряддык бөлмөлөр; эркек балдар жана кыздар үчүн чечинип-кийинүүчү бөлмөлөр, душ бөлмөлөр жана дааратканалар каралат.

41. Жалпы билим берүү мекемелеринин жаңы салынып жаткан имараттарынын спорттук залдарында төмөнкүлөр каралышы керек: снаряддар үчүн бөлмөлөр; аянты 4,0 м2ден турган тазалоочу инвентарларды сактоо жана дезинфекциялоо жана жуучу эритмелерди жасоо үчүн жайлар; ар бири 12 м2ден кем эмес болгон өзүнчө эркек балдар жана кыздар үчүн чечинип-кийинүүчү бөлмөлөр; ар бири 8,0 м2 кем эмес болгон өзүнчө эркек балдар жана кыздар үчүн дааратканалар; дааратканаларда жана чечинип-кийинүүчү бөлмөлөрдө кол жуу үчүн раковиналар коюлушу керек.

42. Жалпы билим берүү мекемелеринде бассейндерди орнотууда пландаштыруу чечимдери жана аны менен колдонуу сүзүүчү бассейндердин түзүлүшүнө жана аны колдонууга жана суунун сапатына болгон гигиеналык талаптарга жооп бериши керек. Бассейндин негизги жайларынын ичин пландаштыруу төмөнкү функционалдык схема боюнча үзгүлтүксүз гигиеналык принципке дал келиши керек: гардероб, кийинип-чечинүүчү бөлмөсү, душ бөлмөсү, бут ваннасы, бассейн ваннасы. Кийинип-чечинүүчү бөлмө жана сантүйүн душ бөлмөсү менен чоң эмес тамбур же коридор аркылуу байланышат. Аялдар дааратканасында 30 кызга 1 унитаз каралат, эркектердикинде 45 балага 1 унитаз жана 1 писсуар каралат. Душ бөлмөлөрү 3 кишиге 1 душ сеткасы эсебинде жасалат. Душтан бассейндин ваннасына болгон жолго жазылыгы 1,8 м, тереңдиги 0,1 – 0,15 м болгон аккан суусу менен кичине бут ванналар коюлат. Ванналардын периметри боюнча айланып өтүү үчүн жазылыгы 1,5 м кем эмес килемчелер төшөлөт.

43. Спорттук бассейндердин ванналарынын өлчөмү жана адамдарды киргизүү ушул санитардык эрежелериндин 1-таблицасына келиши керек.


1-таблица


Балдардын

жашы

Бассейндин ваннасынын өлчөмү

Адамдарды киргизүү мүмкүнчүлүгү (1 сменада/адам)

1 адамга болгон суунун күзгүсүнүн өлчөмү, м2

узундугу (м)

жазылыгы (м)

тереңдиги (м)

тайыз жеринде

терең жеринде

14 жаштан жогору балдар

10-12,5

6

0,9

1,25

15

4-5

10-14 жаш

10-12,5

6

0,8

1,05

15

4-5

7-10 жаш

10-12,5

6

0,6

0,85

15

4-5

44. Сүзүүчү бассейндер бассейндин ванналарындагы сууну алмаштырып турууну камсыз кылуучу системалар менен жабдылышы зарыл. Сууну алмаштыруу мүнөзү боюнча бассейндердин төмөнкүдөй тибине жол берилет:

- рециркуляциялык түрүндөгү бассейндер;

- агымдуу түрдөгү бассейндер;

- мезгили менен суу алмаштыруучу бассейндер.

45. Бассейндеги сууну милдеттүү түрдө жугушсуз кылуу керек. Сууну жугушсуз кылуу үчүн колдонулган реагенттер балдардын ден соолугуна коопсуз болушу керек.

46. Бассейндин ваннасына келген суунун сапаты “Ичимдик суунун коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенттин талаптарына ылайык келиши керек.

47. Жалпы билим берүү мекемелеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу үчүн бир нече жайлар каралышы зарыл.

48. Жалпы билим берүү мекемелеринин имараттарын курууда жана кайрадан конструкциялоодо актовый зал каралышы зарыл, анын өлчөмү бир орунга 0,65 м2 эсебинде отургучтардын саны менен аныкталат. Актовый залга караштуу артисттер үчүн бөлмөлөр, кинопроекциялык бөлмөлөр, жасалгалар жана бутафориялар, музыкалык аспаптар, костюмдарды сактоо үчүн жайлар каралат.

49. Китепкананын тиби жалпы билим берүү мекемелеринин түрүнө жана анын сыйымдуулугуна жараша болот. Айрым сабактар тереңдетилип окутулган мекемелерде, гимназияларда жана лицейлерде китепкана жалпы билим берүү мекемелеринин маалымдама-маалыматтык борбору катары колдонулат. Китепкананын (маалыматтык борбордун) өлчөмүн бир окуучуга 0,6 м2ден кем эмес эсепте алыш керек.

50. Жалпы билим берүү мекемелеринин рекреациялары бир окуучуга 0,6 м2ден кем эмес эсепте каралышы керек. Рекреациялардын жазылыгы класстык бөлмөлөр бир тарапта жайгаштырылса - 4,0 м кем эмес, ал эми эки тарапта жайгаштырылса - 6,0 м кем эмес болуш керек.

51. Иштеп жаткан жалпы билим берүү мекемелеринде окуучуларды медициналык жактан тейлөө үчүн имараттын биринчи кабатында бирдик блокто жайгашкан медициналык багыттагы жайлар каралышы зарыл: аянты 14,0 м2ден кем эмес жана узундугу 7,0 м кем эмес врачтын кабинети (окуучулардын кулагынын угушун жана көзүнүн көрүүсүн аныктоо үчүн) жана аянты 14,0 м2ден кем эмес процедуралык бөлмө (эмдөө үчүн).

52. Айыл жергесинде жайгашкан жалпы билим берүү мекемелеринде медициналык жактан тейлөө фельдшердик-акушердик пункттарда жана амбулаторияларда уюштурулат.

53. Стоматологиялык кабинетти жабдууда анын аянты 14,0 м2ден кем эмес болуш керек.

54. Медициналык багыттагы бардык жайлар бир блокто топтолуп, имараттын 1-кабатында жайгаштырылышы керек.

55. Психологиялык-педагогикалык жардам керек болгон балдар үчүн жалпы билим берүү мекемелеринде аянты 10 м2ден кем эмес болгон педагог-психологдун жана мугалим-логопеддин кабинеттери алдын ала каралат.

56. Ар бир кабатта каалгасы бар кабиналары менен жабдылган балдар жана кыздар үчүн дааратканалар жайгаштырылышы керек. Санитардык шаймандардын саны төмөнкү эсепте аныкталат: 20 кызга 1 унитаз, 30 кызга 1 жуунгуч: 30 балага 1 унитаз, 1 писсуар жана 1 жуунгуч. Балдар жана кыздар үчүн санитардык түйүндөрдүн аянты бир окуучуга 0,1 м2ден кем эмес эсебинде саналат.

57. Персонал үчүн 20 кишиге 1 унитаз эсебинде өзүнчө сантүйүн бөлүнүп берилет.

58. Санитардык түйүндөрдө бут менен баскычтары бар чакалар, даарат кагаздары үчүн илгичтер орнотулат; жуунуучу раковиналардын жанына электр сүлгү же кагаз сүлгү илгич тагылат. Санитардык-техникалык шаймандар оң болушу керек, сыныктары, жаракалары жана башка кемчиликтери болбоосу зарыл. Сантүйүндөрдүн кире беришин окуу жайлардын кире беришинин тушуна жайгаштырууга тыюу салынат.

59. Унитаздар жуучу жана дезинфекциялануучу каражаттар менен тазалоого мүмкүн болгон материалдардан жасалган отургучтар менен жабдылат.

60. Билим берүүнүн II жана III тепкичтериндеги окуучулар үчүн билим берүү мекемелеринин жаңы курулуп жаткан жана кайрадан конструкцияланып жаткан имараттарында аянты 3,0 м2ден турган 70 адамга 1 кабина эсебинде жеке гигиена бөлмөсү алдын ала каралат. Алардын ичине ийилчээк түтүкчө, унитаз жана муздак жана ысык суусу бар жуунуучу раковина коюлат.

61. Жалпы билим берүү мекемелеринин мурда курулган мекемелери үчүн жеке гигиена кабинети даараткана бөлмөлөрүндө жабдылат.

62. Жалпы билим берүү мекемелеринин жаңы салынып жаткан имараттарында ар бир кабатта түбүнөн муздак жана ысык сууну өткөрүп тазалоочу шаймандарды сактоо жана тазалоо жана дезинфекциялоо эритмелерди жасоо үчүн жайлар алдын ала каралат. Жалпы билим берүү мекемелеринин мурда салынган имараттарында тазалоочу шаймандарды сактоо үчүн (тамак-аш блогунун жана медициналык багытындагы жайларды тазалоо үчүн дайындалган шаймандардан тышкары) шкаф коюлган өзүнчө орун бөлүнүп берилет.

63. Башталгыч класстардын жайларында, лаборант бөлмөсүндө, окуу кабинеттерде (химия, физика, сүрөт, биология), устаканаларда, үй-тиричилик кабинеттеринде, медициналык багыттагы бардык жайларда кол жуу үчүн раковиналар коюлат.

64. Окуу жайларында раковиналар окуучулардын бою-жашы өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен орнотулат: 1 – 4-класстардын окуучулары үчүн полдон раковинанын четине чейин 0,5 метр бийиктикте жана 5 – 11-класстын окуучулары үчүн 0,7 - 0,8 м бийиктикте. Раковиналардын жанына бут менен баскычы бар чакалар, даарат кагаздарын илгичтер орнотулат; жуунуучу раковиналардын жанына электр сүлгү же кагаз сүлгү илгич тагылат, самын коюлат. Самын, даарат кагаз жана сүлгүлөр дайыма болууга тийиш.

65. Бардык жайлардын шыптары жана дубалдары жылмакай болуш керек, жылчыктары, жаракалары, деформациялары, грибок ооруусунун белгилери жок болушу керек жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен нымдуу тазалоого мүмкүн болушу керек.

66. Окуу жайлардын, кабинеттердин, рекреациялардын полуна тактай, паркет, плитка же линолеум салынышы керек. Эгерде плитка салынса, тайгак болбош үчүн үстү күңүрт жана жылмакай эмес болуш керек. Дааратканалардын жана жуунуу бөлмөлөрдүн полуна керамика плиткасын салуу сунушталат. Бардык жайлардын полу жылчыктары, дефекттери жана механикалык бузулуулары жок болуш керек.

67. Медициналык багыттагы жайлардын шыбынын, дубалынын жана полунун үстү нымдуу тазалоого, жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарга туруктуу болуш үчүн жылмакай болууга тийиш.

68. Бардык куруу жана жасалгалоо материалдары балдардын ден соолугуна зыяны жок болушу керек.

69. Жалпы билим берүү мекемелеринде жана мектепке караштуу интернаттарда окуучулар болгон мезгилде бардык түрдөгү оңдоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

70. Жалпы билим берүү мекемеси жол берилген транспорттук тейлөөдөн алыс аралыкта жайгашкан учурда алыс аймактардан келген окуучулар жашашы үчүн интернат уюштурулат.

71. Жалпы билим берүү мекемесине караштуу интернаттын имараты өзүнчө турат же аны өзүнчө кире бериши менен өзүнчө блокко бөлүп, жалпы билим берүү мекемесинин негизги имаратынын курамына киргизсе болот.

72. Жалпы билим берүү мекемесине караштуу интернаттын жайларынын курамында төмөнкүлөр алдын ала каралышы керек:

- аянты бир балага 4,0 м2ден кем эмес балдар жана кыздар үчүн өзүнчө уктоо жайлары;

- аянты бир окуучуга 2,5 м2ден кем эмес өз алдынча даярдануу үчүн жайлар;

- эс алуу жана психологиялык эс алуу бөлмөлөрү;

- жуунуучу жайлар (10 адамга 1 раковина), дааратканалар (10 кызга 1 унитаз, 20 балага 1 унитаз жана 1 писсуар, ар бир дааратканада кол жуучу 1 раковина), душ бөлмөсү (20 адамга 1 душ торчосу), гигиена бөлмөсү;

- кийим жана бут кийим кургатуучу бөлмө;

- жеке кийимдерди жуучу жана үтүктөөчү жай;

- жеке кийимдерди сактоо үчүн жай;

- медициналык камсыз кылуу үчүн жай: врач кабинети;

- изолятор;

- административдик-чарбалык жайлар.

73. Жалпы билим берүү мекемесине караштуу жаңы курулуп жаткан интернат үчүн жалпы билим берүү мекеменин негизги имараты менен интернаттын имараты жылуу өтмө менен кошулат.

74. Жалпы билим берүү мекемелеринин жайларындагы шуулдаган үндүн деңгээли 40 дБАдан жогорулабашы керек.
6. Жалпы билим берүү мекемелеринин жайларына жана жабдууларына болгон талаптар
75. Окуучулар үчүн жумуш орунунун саны долбоор тарабынан каралган жалпы билим берүү мекемелеринин сыйымдуулугунан ашпашы керек.

76. Окуу жайларынын багытына жараша окуучулук эмеректердин ар кандай түрлөрү колдонушу мүмкүн: мектеп партасы, окуучунун столу (бир орундуу жана эки орундуу), аудиториялык, чийүү үчүн же лабораториялык столдор отургучтары менен. Жөлөнгүчү жок олтургучтар колдонулбайт.

77. Окуучулук эмеректер балдардын ден соолугуна зыяны жок материалдардан жасалышы керек жана балдардын бою-жашы өзгөчөлүктөрүнө дал келиши зарыл.

78. I тепкичтин окуучулары үчүн окуучулук эмеректердин негизги түрү болуп, үстү эңкейүүчү мектеп партасы болуш керек. Жазууга, окууга үйрөтүп жатканда мектеп партасынын үстүнүн эңкейиши 7 – 15 градусту түзүшү керек. Отургучтун алдыңкы чети партанын астына 1-номердеги парталардыкына 4 сантиметрге, 2–3-номердегилерге 5-6 сантиметрге жана 4-номердегилерге 7-8 сантиметрге кириши керек.

79. Окуу эмеректеринин өлчөмү окуучулардын боюна жараша төмөндө көрсөтүлгөн ушул санитардык эрежелеринин 2-таблицанын маанисине дал келиши керек.

2-таблица



Эмеректин өлчөмү жана аны маркировкалоо


Эмеректин номери

Бой тобу, мм

Столдун окуучуга караган четинин полго карата болгон бийиктиги, мм

Маркировкалоонун өңү

Отургучтун берки четинин полго карата болгон бийиктиги, мм

1

1000-1150

460

Кызгылт-сары

260

2

1150-1300

520

Кызгылт-көк

300

3

1300-1450

580

Сары

340

4

1450-1600

640

Кызыл

380

5

1600-1750

700

Жашыл

420

6

1750дөн жогору

760

Көгүш

460

80. Окуучулардын боюна жараша окуу эмеректерди тандоо үчүн аларды өңдөрү боюнча маркировкалоо жүргүзүлөт, аны столдун жана отургучтун сырткы көрүнүп турган капталына тегерекче же тилкелер түрүндө түшүрөт.

81. Парталар (столдор) окуу жайларында номерлери боюнча коюлат: кичирээктери – доскага жакын, чоңдору – арыраак. Кулагы катуу балдар үчүн парталар биринчи катарга коюлат.

82. Көзү начар көргөн балдар класстык доскага жакын парталарга отургузулат.

83. Ангина, суук тийүү оорулары менен тез-тез ооруган балдар имараттын сырткы дубалынан алыс отургузулат.

84. Бир окуу жылында эки жолудан кем эмес четки катарда отургандарды, 1 жана 3-катар (парталарды үч катар кылып койгон учурда), эмеректин бойлоруна жараша дал келүүсүн бузбастан орундары менен алмаштырат.

85. Келбеттери бузулбаш үчүн биринчи сабакка келген күндөн тартып туура отурууга үйрөтүү зарыл.

86. Окуу жайларды жабдууда төмөнкү өткөөлдөрдүн жана аралыктардын өлчөмдөрү сакталышы керек:

- эки орундуу столдордун катарларынын арасы - 60 сантиметрден кем эмес;

- сырткы дубал менен жанындагы катардын арасы - 50 – 70 сантиметрден кем эмес;

- ички дубал (тоскуч) же шкафтар менен жанындагы катардын арасы – 50 сантиметрден кем эмес;

- акыркы столдор менен класстык доскага карама-каршы турган дубалга (тоскучка) чейин аралык 70, сырткы деп эсептелген арткы дубалга чейин – 100 сантиметр;

- демонстрациялык столдон окуу доскасына чейин – 100 сантиметрден кем эмес;

- биринчи партадан окуу доскасына чейин – 240 сантиметрден кем эмес;

- акыркы отурган окуучунун окуу доскасынан эң көп алыстыгы – 860;

- окуу доскасынын ылдыйкы чети полдон 70-90 сантиметрге өйдө болушу керек;

- эмеректи төрт катар кылып коюуда кабинеттердин квадрат же туурасынан болгон конфигурациясында класстык доскадан столдордун биринчи катарына чейин – 300 сантиметрден кем эмес.

87. Узундугу 3,0 м болгон досканын четинен алдынкы столдо отурган окуучунун акыркы ордунун ортосуна чейинки досканы көрүү бурчу билим берүүнүн II-III тепкичинин окуучулары үчүн кеминде 35 градус жана билим берүүнүн I тепкичинин окуучулары үчүн кеминде 45 градус болот. терезелерден эң алыс турган орун 6,0 метрден ашпоого тийиш.

88. Жалпы билим берүү мекемелеринин жаңы салынып жана кайрадан конструкцияланып жаткан имараттарында окуу столдорун терезени бойлото коюп жана эшиктин жарыгы сол тараптан болуусу менен окуу жайлардын жана кабинеттердин түз бурчтук конфигурациясын алдын ала кароо зарыл.

89. Бор колдонулуучу класстык доскалар чагылышпаган кочкул жашыл жана күрөң түстө жана бордун чаңын тозуп туруу, борду сактоо үчүн ноосу, чүпүрөгү жана чертеж шаймандары үчүн илгичи болуш керек.

90. Маркердик досканы пайдаланган учурда маркердин түсү досканын түсүнө карама-каршы болушу керек (кызыл, кара, күрөң, көктүн жана жашылдын кочкул түстөрү).

91. Окуу жайларда жана кабинеттерде интерактивдик досканы жана проекциялык экранды колдонууда анын тегиз жарык берүүсүн жана чайыттай жарык тактардын жок болушун камсыз кылуу зарыл.

92. Физика жана химия кабинеттери атайын демонстрациялык столдор менен жабдылышы керек. Окуу-көрсөтмө куралдарынын жакшы көрүнүп турушу үчүн демонстрациялык стол подиумга орнотулат. Окуучулук жана демонстрациялык столдордун үстү агрессивдүү химиялык заттарга туруктуу болуш керек жана столдун сырткы четтери боюнча коргоо борттору болуш керек. Химия жана лаборанттын кабинети химиялык заттардын жытын тартып алуучу шкафтары менен жабдылат.

93. Информатика кабинетинин жабдылышы ишти уюштурууга жекече электрондук-эсептөө машиналарына санитариялык-эпидемиологиялык талаптар эрежелерине шайкеш келиши керек.

94. Эмгекке окутуу үчүн устаканалардын аянты 1 иш орунга 6,0 м2 эсебинде бөлүнөт. Устаканаларда жабдууларды жайгаштыруу көрүнүктүү жана туура позада иштөөгө ыңгайлуу шарттарды түзүү менен жүргүзүлөт.

95. Жыгач устаканалары терезеге карата 45 градус бурчта же жарык сол жактан тийүү үчүн жарык тийген дубалга перпендикуляр коюлган 3 катар верстактар менен жабдылат. Верстактардын ортосундагы аралык алдыга-артка болгон багытта 0,8 метрден кем эмес болууга тийиш.

96. Бир орундуу верстактардын катарынын ортосундагы аралык 1,0 метрден кем эмес, ал эми эки орундуулардыкы - 1,5 метр болуш керек. Верстактарга кыскычтар алардын окторунун ортосуна 0,9 метр аралыкка бекитилет. Жыгач менен иштөөчү верстактар бийиктиги 0,65 - 0,7 метр болгон алдын ала сактагыч торлору менен камсыз болушу керек.

97. Бургуучу жана курчутуучу жана башка станоктор атайын фундаментте орнотулушу керек жана алдын ала сактагыч торлору, айнектер менен жабдылышы жана ичине жарык берилиши керек.

98. Жыгач жана темир менен иштөөчү верстактар окуучулардын боюна дал келиши керек жана бут койгучтары болуш керек.

99. Жыгач жана темир устаканалар жана кыздар үчүн үй-тиричилик кабинеттери муздак жана ысык суусу бар жуунуучу раковиналар, электр сүлгүлөр же кагаз сүлгүлөр менен камсыз болушу керек.

100. Жалпы билим берүү мекемелеринин жаңы курулуп жаткан жана кайрадан конструкцияланып жаткан имараттарында үй-тиричилик кабинеттеринде экиден кем эмес жай алдын ала каралышы керек: тамак жасоо ыкмаларына үйрөтүү үчүн, бычып жана тигүү үчүн.

101. Тамак жасоо ыкмаларына үйрөтүү үчүн колдонгон үй-тиричилик кабинетине муздак жана ысык суусу бар эки уялуу сууну чабыштыргычы бар жуучу раковиналар, гигиеналык катмары бар 2ден кем эмес стол, муздаткыч, электр плиткасы жана идиш-аяк сактоо үчүн шкаф алдын ала каралат. Идиш-аякты жуу үчүн уруксат берилген жуучу каражатты пайдаланууга мүмкүн.

102. Бычып жана тигүү үчүн колдонгон үй-тиричилик кабинети үлгү чийүү жана бычуу үчүн столдор жана тигүү машиналары менен жабдылат. Тигүүчү машиналар сол тараптан алардын үстүнө эшиктин жарыгы тийгидей кылып терезени бойлото коюлат же маңдайынан тигүүчү машинанын үстүнө жарык тийиш үчүн терезенин так тушуна коюлат.

103. Иштеп жаткан жалпы билим берүү мекемелеринин имараттарында эгерде бир эле үй-тиричилик кабинети болсо, электр плитасын, иштетүү столдорду, идиш жуугучтарды жана жуунгучту жайгаштыруу үчүн өзүнчө орун жабдылат.

104. Эмгекке үйрөтүү устаканалары, үй-тиричилик кабинеттери, спорттук залдар биринчи медициналык жардам берүү үчүн аптечкалар менен камсыз болушу керек.

105. Узартылган күндүн тобуна катышкан биринчи класстын окуучулары үчүн уктоочу жайлар балдар жана кыздарга өзүнчө болуш керек. Алар өспүрүмдүк (1600 х 700 мм өлчөмү менен) же орнотулган бир ярустуу керебеттер менен жабдылат. Уктоо бөлмөлөрүндөгү керебеттердин арасын анча көп кылбай жайгаштырат: сырткы дубалдан - 0,6 метрден кем эмес, жылуулук бергичтерден – 0,2 метр, керебеттердин ортосундагы жазылык – 1,1 метрден кем эмес, эки керебеттин баш жагындагы аралыгы - 0,3 - 0,4 м.

106. Узартылган күндүн тобуна катышкан биринчи класстын окуучулары үчүн оюн бөлмөлөрүндө эмеректер, оюн жана спорттук жабдуулар окуучулардын боюна дал келиши керек. Эмеректи аянттын көбүрөөк бөлүгүн кыймылдуу оюндар үчүн бошотуп, оюн бөлмөнүн периметри боюнча коюу зарыл. Жумшак эмерек колдонууда чечилүүчү каптары (2ден кем эмес) болуш керек, аларды милдеттүү түрдө бир айда бир жолудан кем эмес жана кирдегенде алмаштырып туруу зарыл. Оюнчуктарды жана окуу куралдарын сактоо үчүн атайын шкафтар коюлат.

107. Телевизорлор атайын тумбаларга полдон 1,0 - 1,3 м бийиктикте коюлат. Телекөрсөтүүлөрдү көрүүдө көрүүчүлөрдүн орду экрандан көрүүчүлөрдүн көзүнө чейинки аралык 2 м кем эмес болуу менен жайгаштырылат.


7. Аба-жылуулук режимине болгон талаптар
108. Жалпы билим берүү мекемелеринин имараттары борбордук жылуулук берүү жана аба алмаштыруу системалары менен жабдылат, алар турак жана коомдук имараттарды куруу жана долбоорлоштуруу ченемдерине дал келиши керек жана микроклиматтын жана аба чөйрөсүнүн оптималдуу параметрлерин камсыз кылышы керек.

109. Мекемелерде буу менен жылуулук берүү колдонулбайт. Жылуулук берүү приборлоруна тосмолорду орнотууда колдонулуучу материалдар балдардын ден соолугуна зыян келтирбеш керек. Жыгач-кырынды плиткасынан жана башка полимердик материалдардан жасалган тосмолорго тыюу салынат.

110. Ташып жүрүүчү жылуулук берүү приборлорун, ошондой эле инфракызыл нур чыгарган жылыткычтарды колдонууга болбойт.

111. Климаттык шарттарга карата абанын температурасы окуу жайларында жана кабинеттерде, психологдун жана логопеддин кабинетинде, лабораторияларда, актовый залда, ашканада, рекреацияларда, китепканада, кире бериштеги бөлмөдө, гардеробдо - +18 - +24 С болуш керек; спорттук залда жана секциялык сабактарды өткөрүү үчүн бөлмөлөрдө, устаканаларда - +17 - +20 С; уктоочу жайда, оюн бөлмөлөрүндө, мектепке чейинки билим берүү бөлүкчөлөрүнүн жана мектепке караштуу интернаттын жайларында - +20 - +24 С; медициналык кабинеттерде, спорттук залдын кийинип-чечинүүчү бөлмөсүндө - +20 - +22 С, душ бөлмөсүндө - +25 С.

112. Температураны контролдоп туруу үчүн окуу жайлар жана кабинеттер тиричилик термометрлери менен камсыз болушу керек.

113. Сабактар жок болуп, жалпы билим берүү мекемелеринин жайларында балдар жок болгондо +15 С төмөн эмес температура кармалып турушу керек.

114. Жалпы билим берүү мекемелеринин жайларында абанын салыштырмалуу нымдуулугу 40 - 60 %ды түзүш керек, абанын кыймыл ылдамдыгы 0,1 м/секундадан көп болбошу керек.

115. Эгерде иштеп жаткан жалпы билим берүү мекемелеринде от жагуу меши бар болсо, анда от коридордон жагылат. Жайлардагы абаны кычкыл көмүртек менен бузбаш үчүн мештин түтүгү отун толугу менен күйүп бүткөндө жана окуучулар келгенге чейин эки саат эрте жабылышы керек.

116. Окуу жайлар танапис учурунда желдетилет, ал эми рекреациялыктар – сабак учурунда. Сабактар башталганча жана алар бүткөндө окуу жайларын өтмө шамал менен желдетүү керек. Өтмө шамал менен желдетүүнүн узактыгы аба ырайына, шамалдын багытына жана ылдамдыгына, жылуулук берүү системасынын натыйжалуулугуна карата аныкталат. Өтмө шамал менен желдетүүнүн сунушталуучу узактыгы
ушул санитардык эрежелеринде 3-таблицада көрсөтүлгөн.

3-таблица


Сырттагы абанын температурасына карата өтмө шамал менен желдетүүнүн сунушталуучу узактыгы

 


Сырттагы температура,

Цельсий град.

Жайларды желдетүүнүн узактыгы, мин.

кичине танапистерде

Чоң танапистерде жана сменалардын ортосунда

+10дон +6га чейин

4-10

25-35

+5тен 0гө чейин

3-7

20-30

0дөн -5ке чейин

2-5

15-25

- 5тен -10го чейин

1-3

10-15

-10дон төмөн

1-1,5

5-10

117. Дене тарбия сабактары жана спорттук секциянын сабактары жакшы аэрациялануучу спорттук залдарда өткөрүлөт.

118. Терезелердин ачылуучу рычагдык аспаптары бар фрамугдары же форточкалары болуш керек. Желдетүү үчүн колдонулган фрамугдардын жана форточкалардын аянты окуу жайларында полдун 1/50 аянтынан кем эмес болуш керек. Фрамугдар жана форточкалар жылдын бүт мезгилинде оң абалда болушу зарыл.

119. Терезелерге бүтүн айнек полотнолор салынышы керек. Сынган айнектерди тез арада алмаштыруу зарыл.

120. Абаны оп тартуучу өзүнчө системалар төмөнкү жайлар үчүн каралат: окуу жайлар жана кабинеттер, актовый залдар, бассейндер, тирлер, ашканалар, медициналык пункттар, киноаппарат бөлмөсү, санитардык түйүндөр, тазалоочу шаймандарды даярдоочу жана сактоочу жайлар, жыгач жана темир устаканалар. Механикалык абаны оп тартуу системасы устаканаларда жана мештер коюлган тейлөөчү эмгек кабинеттеринде орнотулат.
8. Табигый жана жасалма жарыктандырууга болгон талаптар
1§. Табигый жарык
121. Турак жана коомдук имараттарга эшиктин, жасалма, биргелешкен жарыктандырууга болгон гигиеналык талаптарына ылайык бардык окуу жайларында эшиктин жарыгы болушу керек.

122. Табигый жарыгы болбостон төмөнкүлөрдү долбоорлонот: снаряд коюучу, жуунуучу жай; гимнастика залындагы дааратканалар; персоналдын душ бөлмөсү жана дааратканасы; кампалар; радиотүйүндөр; киносүрөтлабораториялар; китеп сактоочу жайлар; бойлердик жайлар; насостук суу түтүктөрү жана канализациялар; аба алмаштыруу камералары; башкаруу түйүндөрү жана имараттардын инженердик жана технологиялык жабдууларын орнотуу жана башкаруу үчүн башка жайлар; дезинфекциялоо каражаттарын сактоо үчүн жайлар.

123. Окуу жайларды сол капталдан табигый жарык тийгидей кылып долбоорлонот. Окуу жайлар 6 метрден көп терең болгондо, оң тараптан жарыктык берүү түзүлүшү болушу милдеттүү, анын полдон болгон бийиктиги 2,2 метрден кем болбош керек. Негизги жарыкты окуучунун бет маңдайынан жана артынан берүүгө тыюу салынат.

124. Эмгекке үйрөтүү үчүн устаканаларда, актовый жана спорттук залдарда эки капталынан эшиктин жарыгы тийип турууга болот.

125. Эшиктин жарыгынын коэффициентинин (ЭЖК) мааниси жалпы билим берүү мекемелеринин жайларынын багытына карата ченемделет:


Жайлардын түрлөрү

ЭЖКны жана жарыктыкты (Г-горизонталдуу,

В – вертикалдуу) ченемдөө жумуш жасалуучу үстүнкү бети жана жалпактык жана полдун үстүндөгү тегиздиктин бийиктиги, метр

Эшиктин жарыгы

Бириктирилген жарык берүү

ЭЖК, %

ЭЖК, %

Үстүнкү жана бириктирилген жарык берүүдө

Капталдан жарык тийүүдө

Үстүнкү жана бириктирилген жарык берүүдө

Капталдан жарык берүүдө

Класстык бөлмөлөр, кабинеттер, аудиториялар

Жумуш столдору жана парталар: Г- 0,8

Досканын ортосу:

В-1,5


4,0
-

1,5
-

2,1
-

1,3
-

Информатика жана эсептөөчү техника кабинеттери

Г-0,8
Дисплейдин экраны: В-1

3,5
-

1,2
-

2,1
-

0,7
-

Техникалык черчение жана сүрөт тартуу окуу кабинеттери

Г-0,8
Жумуш жасоо, чийүү үчүн доскалар, жумуш столдору

4,0
-

1,5
-

2,1
-

1,3
-

Окуу кабинеттердеги лаборанттык бөлмөлөр

Г-0,8

3,5


1,2


2,1


0,7


Металлдарды, жыгачты иштетүү боюнча устаканалар

Верстактар, жумуш столдору, Г-0,8

-

-

3,0

1,2

Үй-тиричилик кабинеттери

Г-0,8

4,0

1,5

2,1

1,3

Спорттук залдар

Г-0,0

В-2,0


2,5

0,7

1,5

0,4

Үстү жабык бассейндер

Г-суунун үстү

2,0

0,5

1,2

0,3

Рекреациялар

Г-0,0

2,0

0,5

1,2

0,3

126. Окуу жайларында бир капталынан эшиктин жарыгы тийген учурда терезеден эң алыстагы парталардын үстүндөгү ЭЖК 1,5%дан кем эмес болуш керек. Эки тараптан эшиктин жарыгы тийип турган учурда ЭЖКнын көрсөткүчү ортоңку катарларда эсептелет жана 1,5%ды түзүш керек.

127. Жарыктык коэффициенти (ЖК) 1:6 түзүшү керек.

128. Окуу жайлардын терезелери горизонттун түштүк, түштүк-чыгыш жана чыгыш тараптарга багыт алышы керек. Түндүк тарапка черчение, сүрөт тартуу кабинеттеринин, ошондой эле ашкананын терезелери багыт алууга мүмкүн. Информатика кабинеттеринин багыты – түндүккө жана түндүк-чыгышка карайт.

129. Окуу жайлардын терезелерине терезенин алдындагы тактайдан төмөн эмес кылып, жөнгө салынуучу күндөн калкалоочу түзүлүш (көтөрүлүүчү-бурулуучу жалюздер, кездеме терезе пардалар, эшиктен тийген жарыктын деңгээлин төмөндөтпөгөн, жарыкты жакшы таратуучу касиети бар ачык түстөгү пардалар) менен жабдылат. Поливинилхлор пленкасынан жана башка эшиктен тийген жарыкка тоскоол болуучу пардаларды, орнотмолорду колдонууга тыюу салынат.

130. Иштебеген учурда пардаларды терезелердин ортосундагы дубалдарга тартып коюу зарыл.

131. Күндүн жарыгын үнөмдүү пайдалануу жана окуу жайларга тегиз жарыктандыруу үчүн төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- терезенин айнектерин сырдоого;

- терезенин алдындагы тактайга гүл коюуга, алар полдон 65-70 сантиметрге бийик болгон ташылуучу гүл салгычтарга салынат же терезелердин ортосундагы дубалдарга илинүүчү кашпого салынат;

132. Айнектерди кирдешине жараша, бирок бир жылда 2 жолудан кем эмес (күзүндө жана жазында) жууп-тазаланат.



Каталог: wp-content -> uploads -> 2015
2015 -> География пәнінен облыстық олимпиада
2015 -> Сыздыкова Гульжанар Каримовна карабаева Самал Сериковна Исетова Венера Мухаметжановна Список граждан, допущенных к собеседованию на объявленный конкурс
2015 -> Ибраев Жомарт Омашұлы; Результат конкурса по осуществлению отбора кандидатов на занятие
2015 -> Географиядан теориялық тур сұрақтары ( 9 сынып) Аудандық олимпиада 2014 – 2015 оқу жылы
2015 -> Биографическая справка
2015 -> Bala Turkvizyon 2015» Түрік әлемі әндерінің Ұлттық іріктеу турының ережесі Байқауды ұйымдастырушылар: «Bala Turkvizyon 2015» Ұлттық Түрік әлемі әндері байқауының (ары қарай Байқау) ұйымдастырушылары «rimas televiziyon Radyo Produksyon A


Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4


©kzref.org 2019
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет